Атамбаев. “Граф”. Салянова

Атамбаев. “Граф”. Салянова

“Ширшовдук схемалар”

Соңку 10 жылда башкалаабыз Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) коррупциялык схемалардын ордосуна айланды. Таш көмүр менен камсыз кылуудан баштап, акыркы авариядан соң, модернизациялоого алынган 386 млн АКШ доллары турган кредит кандайча тарта бөлүнгөнүн азыр тергөө органдары тескеп келет. Бирок биздин сөз кылалы дегенибиз – ЖЭБге таш көмүр ташып келүү боюнча көмүскөдөгү “көкбөрү” оюнуна абай салсак деген тилек. Дегеле Кыргызстанда энергосектор эң коррупцияланышкан тармакка айланганы кыйла жылдарды жыдытып келет. Анын бир өңүтү – Бишкектин Жылуулук электр борбору. Бакиевдин тушунда эле Жаныш менен Максим Бакиевдердин кулактары көрүнүп, экөө ушунун айынан да тирешип, айтылуу “ширшовдук схемалар” шишик болуп басып алганын коомчулук жакшы билет.

Атамбаевдин Машкевичи..

Жакында жылдагыдай ЖЭБди таш көмүр менен камсыз кылчу компанияларга тендер жарыяланып, ага жер жайнаган компаниялардан адеттегидей экөө гана катышкандыгы таңгалычтуу эмес. Бул тууралуу орусиялык Алтай аймагынын сайты http://www.asfera.info “Коррупционный “Рассвет” над Кыргызстаном” деген макаланы жарыялады. Конкурска катышкандар – казакстандык “Рассвет Компани” ЖЧКсы жана ТОО “Евротранс Групп”. 1 млрд 420 млн сом каражатка таш көмүр алып келүүлөрү керек. Адистердин айтымында, “Евротранс Групп” ута албайт, ал жөн эле кошулуп калган, негизги “оюнчу” – бул “Рассвет Компани”. “Эмнеге конкурска башкаларды катыштырышпайт? Демек, бирөөнүн кызыкчылыктары бар да”,- дешет адистер. Ал эми конкурс уюштурган сатып алуучу “Электр станциялары” компаниясы: “Каражатты алдын ала төлөш керек. Башкалардын колунан келбейт”  дегендей кылышат. Анда “Рассвет Компанинин” артында ким турат, ээси ким? Иттин өлүгү ушул жакта жатат окшобойбу?! Ал – Кыргызстан менен казакстандык уюмдардын ортосунда ортомчулук кылган, Казакстандагы “Шубаркөл” көмүр кенинин ээси, түбү кыргызстандык (Фрунзеде төрөлгөн), Канада менен Израилдин жараны – Александр Машкевич. Көмүр – бул анын мухит бизнесинин бир тамчысы гана. Мындан тышкары, ал Eurasian Resources Group S.a.r.l  аттуу компаниялар тобунун менеджерлер кеңешинин төрагасы, “Евразиялык банкынын” директорлор кеңешинин төрагасы, ТНК “Казхром”, “ССГПО” АКсы, “КАзакстан алюминийи” АКсы, “Казакстанский электролизный завод” АКсы, “Евроазиатская энергетическая корпорация” АКсы ж.б.у.с. толгон-токой бизнеси бар. Аны менен эгиз козудай ээрчишип жүргөн дагы бир өнөктөшү өзбекстандык миллионер Патох (Фаттах) Шодиев, СССР кулаганда Казакстанга кетип, бизнесин баштаган. Бельгиянын жараны, көптөгөн коомдук жана илимий уюмдардын мүчөсү, илимдерди доктору, академик, бизнестин битин сыгат. “Иттин өлүгү ушул жакта жатат” деген сөзүбүздүн төркүнү – бул эки эргул кадимки эле биздин экс-президентибиз Алмазбек Атамбаевдин шериктери экен. Атамбаев Бакиев тушунда өкмөт башчысы болуп турганда эле алар менен жыт алышып калганы узун кеп болуп келет. Ошондон бери карай эле Машкевичтин көмүр саткан компаниялары жыл сайын биздин ЖЭБге болгон тендерлерди утуп, көмүр менен камсыз кылып келгени келген.

“Мафия өлбөйт экен”

Тээ 2016-жылы декабрь айында бул тармак боюнча эксперт Расул Умбеталиев Бишкек ЖЭБин таш көмүр менен камсыз кылуудагы коррупциялык схемаларда бийликтин ар кайсыл тепкичтериндеги чиновниктер аралашканын атайын пресс-конференцияда билдирген эле. Расул мырза өз сөзүндө: “Мафия өлбөйт экен. Коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес окшойт. Бийликтин бардык тепкичиндеги чиновниктер аралашып жатат. Атамбаев жаңы президент болгондо, “Коррупция менен чечкиндүү күрөшөм” деген эле. Мен дагы тендерге катышууга максат коюп, бирок өзгөчө пикиримди айтып шарт койгом. Комиссия мүчөлүгүнө Жогорку Кеңештин эки депутаты Кулбараков менен Султанов кирген. Бирок аларды кызыкчылыктары бар болчу, анткени аларды таш көмүр кендери бар. Бирок “Электр станциялары” ААКсынын жетекчилиги бул бизнес алардын колунда эместигин айтып кол жайышкан”, – деген эле.

Ал эми 2014-жылы ЖЭБди таш көмүр менен камсыз кылуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү Качкын Булатов мындай дейт: “Акыркы жылдары тендерди “Прогресс Компани” деген компания эле утуп келет. Баамдасам, буга бийликтин чоң тепкичиндеги кишилердин тиешеси бардай. Казакстандык компаниялар сапаты начар, тоннасы 10-15 доллар турган көмүрдү биздин “Электр станциялары” 43-45 доллардан алат экен. Анан, кызыгы “Жезказган” компаниясына УКМК кызыгып калганы шек туудурат. 7 жылдан бери “Электр станцияларында” коррупциялык фактыны изилдебей кайда жүрүштү эле? Бул ачык акционердик коомдун бардык жетекчилерине кылмыш иши козголушу керек эле, Осмонбек Артыкбаев камакка алышы керек болчу. Деги бардыгы кимдин кызыкчылыгын коргоп келишет?” Байкасаңар, эгерде 630 миңдин ар бир тоннасы 40 доллардын тегерегинде эле сатылып алынса, 26-27 миллион доллар төлөөгө туура келет.  Коррупциялык схемадагылардын “таза кирешеси” 15 миллион сомду түзөт. Ошондуктан, бийлик канчалык алмашып келбесин, “ширшовдук шишик” өз “акыбетин” кайтарганы кайтарган.

“Атамбаев качан калп айтканын токтотот?”

Ал эми ошол кездеги отун-энергетикалык комплекс боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов: “Электр станциялардын” кызматкерлери өз алдынча тендер өткөрө алышпайт экен, чечим Ак үйдөн кабыл алынгандай. Машкевич өз өнөктөштөрү менен бийликтин жогорку кызматындагылар менен сүйлөшүп алышкандары көз көрүнөө”,- деп айтканы бар. Бул сөздөр 2014-жылы айтылып жатат. Ошол жылы башкы прокурор Аида Салянова да жыландын куйругун басып алганы эсибизде. Ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына да «Бишкек шаарынын ЖЭБин таш көмүр менен мыйзамсыз түрдө камсыз кылуу маселесине кимдин тиешеси бар десеңер, ал – Атамбаев!» деп жазып чыкканы бар. Саляновага башка кызматтарды да сунуш кылып жатышты. «Эгерде жолдошум боюнча шек санасам, мен ошол кызматтардан баш тартат белем? Акыры мен Атамбаевдин командасына калбастыгымды түшүнүшкөндөн кийин жолдошума карата кылмыш иштери дароо ачылды. Аны Кылмыш кодексинин 190-беренеси боюнча – “Коркутуп-үркүтүү жолу менен келишим түзүүгө мажбурлаган” деген айыпты коюшту. Эң кызыгы, таш көмүр сатып алуу боюнча “Жезказган” компаниясы менен келишимди түзүүгө катышы бар бардык тарап: “Электр станциялардын” башкы директору, коммерциялык директору, Башкы дирекциясынын бардык мүчөлөрү, Каржы министрлиги – бардыгы бир ооздон менин жолдошумду ЭЧ КАЧАН көрүшпөгөндүгүн, ал жөнүндө угушпагандыгын айтышкан. Жолдошум бирөөсү менен да же телефон аркылуу сүйлөшкөн эмес, же жолугушкан эмес. Деги Атамбаев качан калп айтканын токтотот?”,- деп жазган Салянова.

Коррупционерлерге коркунуч туудурган –  Аида Салянова

Ооба, дал ушундай болгон. Башкы прокурор байкабай Атамбаевдин былыктарын казып чыгарда, Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго жасалма кылмыш ишин ойлоп табышып, бир дагы далил болбогонуна карабай, “күнкарама” соттор аны 7 жылга шарттуу кесип жиберген. Салянованын маалыматына ылайык, “Прогресс Компанинин” ээси “Граф” каймана аты бар, түбү кыргызстандык олигарх Алижан Ибраимов экен. Интернет булактарынан баамдасак, бу киши да Александр Машкевич менен өнөктөштүгү бар. Дал ушул маселени изилдөө үчүн депутат Феликс Кулов парламенттик комиссия түзүү сунушу менен чыкканда, көпчүлүктү түзгөн социал-демократтар фракция каршы чыгып, колдобой койгон эле. Демек, кимдин кызыкчылыгын коргошкону түшүнүктүү. Кызыгы, Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаров дегеле көмүр бизнесине аралашып көргөн эмес экен. Ал башынан эле машина сатуу менен гана алектенип келген ишкер болгон. Анын соттук иштеринин баарына катышкан элек. Эч бир далил келтирилбей туруп эле соттоп жиберишкенин өз көзүбүз менен көрдүк.

Экс-башкы прокурордун мыйзамды гана карманган “өзүм билемдигине” президент Алмазбек Атамбаев жаны кашайып, күч органдарын кыйноо менен өзүнө да кылмыш ишин козготкону эч кимге жашыруун эмес. 2010-жылы 28-июнда “Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген” деген жарлык менен 5 жылга эркинен ажыратты. А чындыгында соттоло элек адвокатка лицензия бербей коюунун өзү мыйзам бузууга жатарын уккан сот болбоду. Ошентип коррупционерлерге коркунуч туудурган Аида Салянова бийликтин бутасына айланган.

Атамбаев бийликтен кетип, кийинки президентти да бакшарам деген кыялын таш капса да, өнөктөштөрү дале өздөрүн жакшы сезип, энергетика тармагыбызда тайраңдап жүрүшкөндөй. Атамбаев да дале өз үлүшүн алып жатабы? Эми муну күч органдары изилдей турган маселе…

Айбалта ЧЫНОЕВ

2 thoughts on “Атамбаев. “Граф”. Салянова

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.