Кытайлардын кылбаганы жок. Бардыгы бүтүп калгансып, эми тараканды мал катары өстүргөнү жатышыптыр. Кытайлык ишкерлер «таракан чарбалар» санын көбөйтүү ниет менен “Таракан” фабрикасын ачканын Vice жазып чыкты.
Алардын билдирүүсүнө таянсак, кытайлыктар таштандылар менен күрөшүү үчүн ушундай кадамга барып, таракандардан турган “аскерди” өстүрө баштагандыгын түшүндүргөн. Цзинан шаарындагы фабрикадагы таракандар күнүнө 50 тонна таштандыны жешет экен. Акыр-чикирге тойгон таракандар кырылып калганда аларды үйдөгү малдарына тамак катары беришет тура. Биз жек көргөн жандык өлүп калгандан кийин да кытайлартар үчүн пайдалуу экен.
Ал эми Казакстанда 2 долларга сатылып жаткан таракандар боюнча бу ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы