Ахунбай КОШОЕВ: «Китеп менен Атамбаев эмес, Айтматов байымак…»

Ахунбай КОШОЕВ: «Китеп менен Атамбаев эмес, Айтматов байымак…»

Тажрыйбалуу юрист, коомдук ишмер Ахунбай Кошоевди кепке тартып, маек курдук. Маекти жалган жалаа менен абакта жаткан саясатчылардан баштадык.

— Ахунбай мырза, учурда, көңүл борборунда жалган жалаа менен абакта жаткан үч саясатчы бар. Алардын акталаарына көзүңүз жетеби?

—  “Ак ийилет, сынбайт” дегендей, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Садыр Жапаров акыры акталат. Себеби, алар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин саясатынын курмандыгы болгон. Аны баарыбыз, жадагалса жөнөкөй адам да жакшы билет. Анткени Текебаев Атамбаевдин “Датка Кемин” электростанциясы боюнча кетирген кемчилигин, Дача СУга кулаган учак боюнча ачык эле айтып салган. Анан Атамбаев айласын таппай калып, жалган жалаа менен камоого өттү. Аны өзүнүн колу менен эмес, кол алдындагы жакын адамдары, кошоматчы, коркок соттордун колу менен кылды. Ал кезде күч органдары: УКМК, Башкы прокуратура, ИИМдин башчылары колунда болчу. УКМКнын жетекчиси кылып мурунку жубайынын кайнисин, ИИМдин башчылыгына жансакчысын, Башкы проркуратурага секретарын коюп алып, каалаганын калчады да. Ошондогу былыгы чыгып калбаш үчүн өзүнүн ордуна дагы бир ишенимдүү кишини таштап кетүү саясатын ойлоп, досу Сокени СДПКнын атынан көрсөттүрүп, аны өткөрүүгө аябай эле жан үрөдү. Ага баарыбыз эле күбө болуп, көзүбүз менен көрүп, кулагыбыз менен укпадыкпы.

— Ооба, президенттик шайлоонун алдында азыркы президентти аябай эле мактаган. А бирок бүгүн өтө жамандап жатат, кечээги сөзү менен бүгүнкүсү дал келбейт. “Бакиевдин бийлигинде Жээнбековдор жанымда болгон, башынан аягына чейин туруп берди”,-деп кечээ айтса, бүгүн: “Жээнбековдор үйүндө жаткан”,-дейт. Экс-президенттин эки ача сөзү эмнеден кабар берет деп ойлойсуз?

— Кечээги менен бүгүнкү сөзүнүн дал келбей жатканы – ал Атамбаевдин эки жүздүүлүгү, акылынын кемдиги. Акылдуу адам болсо, “Соке досум” деп мактагандан кийин унчукпай отурушу керек болчу. Өз кызыкчылыгы болгондо досун шыбап салууда. Бул — ичкүптүлүк, ошону күпүлдөп чыгарып жатат. Себеби, Соке досун талапкерлердин ичинен жоошуурак деп тандап алган. Бийликке алып келип, кылган иштеринин баарын жаптырып,  көмүскөдө аны башкарып алам деп ойлогон. Ойлогон ою ойрон болуп, кыялын таш капты. Атүгүл анын эң ишенимдүү жакын адамдарын: Сапар Исаков, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев, Улан Исраиловду кызматтан алып салды. Кол балдарын каматты. Ошого аябай ичи ачышып атат. “Туура эмес кылган иштеримдин былыгы чыгып калабы?”,-деп кооптонуп жаткан учуру. Себеби, жалган сөз айтып, Текебаевди каматкан Маевский бүгүн камакта. Анын шылуундугу далилденди. Ушул шылуундун сөзү менен Атамбаев Текебаевди атайын эле мыйзамсыз каматкан. Садыр Жапаров да ошондой болду. Ал Кумтөр кени боюнча зыяндуу келишим түзүлгөнүн айта калам деп камалып калды. Экөөн тең бир укмуш террористти кармагандай, Текебаевди аэропорттон, Жапаровду чек арадан карматканы туура эмес. Экөө тең мыйзамды жакшы билет, ошон үчүн качкан жок да. Кыргызстанга келатышат, качып кетсе же мыйзамга баш ийбесе бир жөн болчу. Эми Дүйшөн Чотонов жөнүндө сөз жок, ал жөн эле кошулуп калды, “акча алганга аралашкан” деп. Акча берилген күнү Чотоновдун Ошто болгону далилденсе да, аны сот эске алган жок. Атамбаевдин учурунда репрессия болду, өзүнүн кылмыштарын жабуу үчүн кыңк эткендерди эле каматып атты. Мен өзүм тажрыйбалуу юристмин, тажрыйбалык иште мындай мыйзам бузууну көргөн эмесмин. Тажрыйбамды эске алган Текебаев (Атамбаев менен кармашып жаткан учурда) мени бир топ жолу чакырып, укугу тебеленип, мыйзам бузулганы боюнча сураган. Мен ага бийлик күчүн көрсөтүп жатканын айткам. Жалпак, жөнөкөй тил менен айтканда, Атамбаев болбогон ишти болтуруп, мыйзам токуй калып каматып койду.

-Өмүрбек Текебаевге “мародер” деген да жарлык тагылып жүрөт. А сиз буга ишенесизби?

— Эгерде Текебаев уурулук кылып жүрсө, анда ал эч нерсени ачык айтпайт болчу. Эми саясатта кетирген кемчилиги болсо болгондур, бирок уурулук кылган эмес. Таза үчүн баарын ачык, далилдүү, кур сөз менен эмес, кагаз жүзүндө көрсөтүп айтып жатат. Ал эми Текебаевге коюлган күнөө далилдүү болгон жок. Депутат Алмамбет Шыкмаматов жакшы юрист, мыйзамды жакшы билет. Ал Текебаев тууралуу беш пункт боюнча жагдайды айтып жатат, анын айтканы далилдүү. Текебаев боюнча көрсөтмө берген Маевский таза адам эмес, калп айткан. Ал шылуун. Өзү түрмөдө. Текебаевге акча берилген эмес. Себеби, Монинге акча берилген жерди көрсөт десе, ал Атамбаев отурган кабинетти көрсөтүп жатпайбы. Жолуккан жерлери, убакыт, сааты да дал келбей жатат. Мына ушуларды эске алганда, Текебаевдин кылмыш ишинде күнөөсү жок экени далилденди.

— Жаңы жагдай делген нерсе мурда эле айтылып, далилденген, бирок, сот аны эске алган жок да. Аны азыркы президент Сооронбай Жээнбеков деле жакшы билет. Бирок, ал киши деле бир жарым жылдан бери чечпей келет. Президенттин үн катпай жатканын себебин айрымдар ал премьер-министр болуп турганда парламентте кер-мур айтышканы деп сыпаттап келет. А сизчи, себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда Өмүрбек Текебаев депутат эмес беле. Экөө парламентте кер-мур айтышып калбадыбы. Андагы айтышып калганын көргөн соттор, тергөө органдары экөөнүн мамилеси чатак экен деген ой менен өздөрү эле жалтактап, иштин жүрүшүн созуп, кармап жатат. Эгер мыйзам чегинде бошотуп койсок, анда президент бизди жаман көрүп калабы, же Атамбаевдей болуп кектеп, куугунтуктабайбы деп кетенчиктеп жатат. Акталуунун кечеңдегени да ошондон. Бул жерде кеп Сооронбай Жээнбековдо эмес, кошоматчы, көз каранды соттордо, тергөө органдарында. Алар бийликке баш ийип көнүп калган да. Өзгөчө Атамбаевдин бийлигинде анын көзүн карап көнүп калышкан. Ал кама десе камап, бошот десе бошотуп коюшчу. Сот системасын Атамбаев алты жылда сындырып кетти. Андагы прокурор, соттор дагы деле көз карандылыктан чыга элек, тазалана элек, алар дагы деле бийликтин оозун карап отурат. Текебаев, Чотонов, Жапаровго бийлик тарабынан жашыруун тапшырма болгонун Жээнбеков жакшы билет. Бирок, ал киши сотторго “андай кыл, мындай кыл!”,- деп айтпайт. Себеби, мыйзам боюнча соттордун ишине кийлигишүүгө анын акысы жок. Бирок жалган жалаа менен жаткан адамдын укугун коргоого президент милдеттүү. Бул бир. Экинчиден, ал эл алдында таза калайын деп жатат. Бүгүн кылган ишиме кийин жооп берип калбайын, эл мени шайлаган соң таза, так иштеп берейин деген ниетте. Ушул сөздү Атамбаевге да айткан. Ал ага жаккан жок, ошондон улам экөөнүн ортосуна жарака кетти. А чынында бүгүн кылган нерсеге эртең жооп берет. Мына Атамбаев кылган иштерине жооп бергени турат да.

-Атамбаев сөз менен эле жооп бербесе, жоопко тартыла элек да. Атамбаевди жоопко тартууну талап кылгандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Аны жоопко тартууга бийликтин күчү жетет бекен?

— Ооба, азырынча сөз менен эле жооп берип жатат, а бирок, анын эртеңки күнү бүдөмүк да. Жоопко тартылчу күн келет. “Бүгүнкү бийликтин күчү жетеби?” деген суроо туулуп атат. Бийликте чочулоо бар, тагырагы, “Атамбаев митинг кылып, кайра бийликке келип калабы?” деп кылчактап турат. Мына ушуну эске алганда, бул бийликтин боштугу. Анын үстүнө эмки будуң-чаңды мамлекет көтөрө албайт, стабилдүүлүк бузулуп, экономика таптакыр артка кетип калабы деген да кооптонуу бар. “Атамбаев акча менен ополоң-тополоң кылып жиберсечи?”,-деп президент олку-солкудан коркуп турат. “Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт” деген кыргызда сөз бар. Тарыхта таза калам деген киши калыс болуш керек. Акыйкат, адилеттүүлүктү орнотуу керек! Коррупцияны түп тамырынан бери жок кылуусу зарыл! “Жоо аяган жаралуу” деп кыргызда бекер айтылбайт да. Жоону аябай берсе, ал өлкөнүн канын сүлүк курттай болуп соро берет. Каны азайган кишидей болуп мамлекет алсырай берет. Мамлекет алсыраганда ички, тышкы душман көбөйөт. Тышкы душман тышкы, ички душкан ички экономикага кол салып, жейт.

— “Сооронбай Жээнбеков сөздөн ишке өтө элек, айтканы жакшы, бирок, иши солгун” дейсизби?..

— “Тарыхта таза калгым келет. Жакшынакай болуп элге ак иштеп бергим келет”,-деп президенттин айтканы, тилеги жакшы, бирок, иши солгун. Ишинде бир аз чабалдык болуп жатат. Алдыда эмне ойлору бар экенин чыны билбейм.

— Президенттин таза иштегени жакшы го, Атамбаевдей болуп байып албай. Бирок, Атамбаев президент боло электе эле, мээ мурда эле бай болгонун айтып келет. “Китеп сатып байыгам”,-дейт го. Ушуга ишенесизби?

— Анын мындай сөзүнө эч ким ишенбейт. Китептен байыса, айтылуу Айтматов байымак, миллиардер болмок. Чыңгыз Айтматовдун китеби укмуш окулуп, сатылган…

Бир китепти бир киши он айда окуп бүтүшү мүмкүн. Күндө эле бир китеп окулбайт да. Анын үстүнө китеп чыгаруу чыгым, чыгымы көп, аны-мунуга кетип отуруп, автордун колуна деле аз гана акча тийет. Негизи эле көпкөн кишинин оозунан ушундай сөздөр чыгат. “Мен мультимиллионермин. Салымбеков байый электе эле бай болчумун. Акаев “Волга” минип жүргөндө мен “Мерседес” минип жүргөм”,-деп Атамбаев мактанып жатпайбы. Мамлекеттик башчынын ошентип мактанганынын өзү уят. Депутат Камчыбек Жолдошбаев: “депутаттардын коомдук транспортто жүргөнүнөн уялам”,-дебеди беле уялбай. Мен анын жана Атамбаевдин айткан сөзүнөн уялам. Атамбаев хан сарай салгандан уялыш керек болчу. Эл шайлап жаткандан кийин элдин жашоосун ойлош керек эле. Ушул жерден мен бир мисал келтирип берейин. Илгери өзүмдүн эмгегим менен жер алып, там салып, анын үстүнкү чатырын жаба албай калгам. Апам: “Балам, кошуналар чатырын жаба элек, эл менен тең бол. Элди ойло!”,-дегенин улам үйдүн үстү түз, жалпак жабылган боюнча калган. Кошуналарым чатырын көтөргөндө кошо көтөрдүк. Илгерки адамдар коңшусун кошо ойлоп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу. Биз ушундай жакшы адамдардан тарбия алып калганбыз да, бизде да ыйман бар. Мен муну эмнеге айтып жатам? Калк кыйналып, жарды жашап турса, эл башчынын хан сарай салып алганы туура эмес. Байыгандан уялыш керек. Чет элдик президенттерден үлгү алышы керек болчу.

-Чет өлкөлүк президенттер демекчи, Алмазбек Атамбаев Украинанын мурунку президенти Петр Порошенкону жакшы көрсө керек. Ага түн бир оокумда телефон чалганы ачыкталып, парламентте айтылды эле го. Өмүрбек Текебаев сессияда айтып чыккан…

-“Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт”,-деп бекер айтылбайт да. Ар бир адам өзүнө окшогон адамды жактырып, колдойт. А Текебаевге окшоп ачуу чындыкты ачык айткандарды камайт. Негизи бийликке байлыкка кызыккан, кекчил, өзүмчүл, өз кызыкчылыгы үчүн баарына барган адамды койбош керек! Мен мисалы Атамбаевдин байлыкка кызыккан адам экенин билип, “мындай адамды бийликке алып келбеш керек!”, -деп 2011-жылдагы өткөн Курултайда айтып чыккам. Анда Атамбаев премьер-министр болчу. Менин айтканымды эч ким уккан эмес. Мына андагы айтканым туура келди.

— “Жакшы башчы келсе элди түзөтөөр, жаман башчы келсе элди жүдөтөөр”,-дегендей, биздин президенттердин кимиси калкыбызды түзөтүп, кимиси жүдөтүп кетти?

— Бийликке ачкөз адамдар келе баштады жана келишти. Мына, Жээнбеков да тегерегине начар адамдарды кеңешчи кылып алды. Кеңешчиликке тажрыйбалуу, калыс адам, алысты көрө, жаман менен жакшыны бөлө билген, өз кызыкчылыгы эмес, элдин кызыкчылыгын жогору койгон адамды алуусу абзел.

— Сиз эмнеге кеңешчи болуп барбайсыз? Дегеле презизидентке кандай кеңеш айтаар элеңиз?

— (Күлүп) Кеңеш айткым келет, бирок кабинетине баргым келбейт. Акүйгө аттадың дегенче “кызмат үмүт кылып жатат го, ошон үчүн сагалап жүрөт. Карыгында тынч эле жүрө бербейби” деп эртең эле бир журналист жазып чыгат. Туура эмес ойлоп, өз оюн таңуулап жазуудан да алыс болуу керек! Бардыгын калыстыкка чакырат элем.

Президентке кеңешим, коррупция менен күрөшүүсү зарыл. Бийлик бутактарына олигарх сөрөйлөр келди да, күч органдарына өз кишилерин коюп алды. Коррупциялык схема күч алды жана ал азыркыга чейин иштеп жатат. Ошондон улам экономикабыз солгундап, өлкө өнүкпөй, мамлекет карызга батып калды. Тышкы карыз өсүп кетти. Эл болсо өз киндигин өзү кесип, өз оокатын кылып жатат. Керек болсо мамлекетти багып жатат, соцфонд, салыкты өз убагында төлөп. Эл төккөн акчага олигархтар кабаттуу үйлөрдү салып жатат. Кабаттуу үйлөрдү салып жаткан бизнесмендердин көбү парламентте отурат.

— Бүгүнкү парламент жөнүндө оюңуз кандай? “Эң начар парламент” деп эле эл нааразы… А чыны Атамбаевдин убагында ооз ачпай отурушкан да көбү, ооз ачкандары саналуу гана болчу…

— Эми эл көргөнүн айтат, баа берет. Анынсыңарындай, бүгүнкү парламентти эл көрдү жана көрүп жатат. Азыркы депутаттар кыргызча да, орусча да сүйлөшө албайт. Ушундан улам эле деңгээлдери көрүнүп турат.

— Парламент дайыма эле премьер-министрлерди отчетун жактырып, колдоп берет. Жакында эле алар өкмөт башчы М.Абылгазиевди колдошту. Бул киши жөнүндө кандай ойдосуз?

— Бул адам адамгерчиликтүү, туура эмес сүйлөбөйт, оор басырыктуу адам. Бирок оорчундуу иш алып барып, массажтабдуу нерсени чече албайт.

-Негизи Конституция боюнча президентке караганда, премьер-министрдин ыйгарым укуктары жогору да. Тарсылдап, мыйзамдуу иш алып барса болот беле?

— Ооба, туура. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын жогорулатып, Конституцияны да тууралаган Атамбаев болгон. Ал андагы премьер-министр, кол баласы Сапар Исаковго ылайыкташтырган. Досун жөн эле бийлик башына коюп алып, бардык нерсени “кол баласы” Исаков менен жасай берем деп ойлогон. Ошол оюнун бири да ишке ашпай ачууланып турган учуру…

-Саясатчылардын дагы бир кемчилиги: түндүк-түштүк балансы. “Бирде түндүктөн, бирде түштүнтөн президент болуп туруу керек!” деген “девиздери” бар. Буга кандай көз караштасыз?

— “Түндүк-түштүк” деп бөлүп, баланс кармайбыз” деген саясатчылардын акылынын жоктугу. Акылдуу кишилер андайга жол бербеш керек! Бөлүнүп-жарынуу кем акылдык, билимдин жоктугу, деңгээлдин төмөндүгү. “Бөлүнгөндү бөрү жейт”,-дейт, бөлүнүп кайда барабыз? Мен трайбализмге каршымын. Эгер трайбалист болсом, анда “Бишкек” эркин экономикалык аймактын мурдагы жетекчиси Орозбек Нусубалиевдин ишин сынап, аны менен кармашып, иштен кетиртпейт элем да. Аны таластык, жердеш деп кылган иштерин жашырып жүрө бермекмин. Мен жердешчиликке карабайм, адамдын иш билгилигине карайм жана баалайм.

— Учурда урууга бөлүнүү да күч алды. Ага кандай көз караштасыз? Сизди “жетиген уруусунан, Майрам Акаеванын жакын иниси” дешет го. Мунун канчалык чындыгы бар?

— Ал кишинин да, менин да уруум — жетиген. Уруу боюнча тууган кылып жатышса керек. Ар бир адам санжыраны биле жүргөн жакшы. Бирок, аны саясатка айлантпаш керек!

— Бир канча жылдан бери саясатта аралашып жүргөн соң, кайсы бир партияда мүчө болсоңуз керек? Эмнеге депутат болбой жүрөсүз?

— Көптөн бери саясатта аралашып жүргөнүм менен мен бир дагы партияда мүчө эмесмин жана болгон эмесмин. Бирок, түркүн партиялар чакырып, депутат болууга үндөгөн. Эл өкүлү болууга мүмкүнчүлүк бар болчу, мен өзүм баш тартып койгом. Себеби, ошол чакырган партиялардын мүчөлөрү менен баарлашып көрсөм, мамлекеттин канча формасы экенин билишпейт экен. Формасын сурасам, социалисттик дейт. Негизи парламентке депутаттар демократия, аристократия, монархия, олигархия жолу менен келет. Бир дагы партиянын тактикасы, идеологиясы, стратегиясы  жок. Кооз программасы гана бар. Бир дагы партия купулума толбогондон кийин, “Силерде билим жок” экен дедим да, депутат болгонум жок.

Мамлекет өнүкпөй, экономиканын өспөй жатканынына эмне жетишпейт: билимби, ыйманбы же акчабы?

— Азыр демологдор, шылуундар, популисттер алдыңкы планга чыгып кетти. Булар мурда эле бар болчу, ошолордун саркындылары дагы деле бар жана алар бийликте отурат. Бизде калыс адам жок болууда. Калыстык жок жерде ынтымак жок, ынтымак жок жерде ырыс жок. Элди эмес, өз кызыкчылыгын, байлыгын ойлогон адамдар келүүдө. Мына парламентте жалаң олигархтар отурууда. Мындай адамдар байлыкты гана ойлойт. Байлык деген адамда кайдагы ыйман да, кайдагы билим? Алар акчанын күчү менен гана жүрөт да. Анан кантип экономикабыз өнүксүн?..

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.