Салянова менен чогуу камерада отурган келин үй камагына чыкты. Ал Салянова жөнүндө эмнелерди айтты?

Салянова менен чогуу камерада отурган келин үй камагына чыкты. Ал Салянова жөнүндө эмнелерди айтты?

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова менен №1 тергөө абагындагы камерада чогуу отурган А.К. (аты-жөнү өзгөртүлүп берилди) аттуу келиндин сот отуруму 24-июнда, Свердлов районундагы сотто каралып, үй камагына чыгарылды.

Аянычтуу көрүнүш… Кубанычтуу күн…

Үй камагына чыккан кош бойлуу келин сыртка чыгаары менен апасы көтөрүп турган кичинекей баласына кулачын жайып барып, колуна алып, көкүрөгүнө кыса кучактап, жыттап, өпкүлөп жатты… Аны карап таң калдык, себеби, буга чейин айрым маалымат булактары: “Салянованын жанында киши өлтүргөн аял отуруптур” деп жазып чыгышкан. Андай маалыматты ЖАМК (Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы) четке кагып, аны менен кошо бир бөлмөдө уурулук үчүн кармалган 27 жаштагы келин отурганын айткан эле… Так ошондой болуп чыкты. Кош бойлуу, келбеттүү келин экен. Мээримдүү эне экени да билинди. Баласын кайра-кайра өпкүлөп, көзүнө жаш тегеренип жатты… Аянычтуу көрүнүш болду… Уурулук кылганына ишенбей да кетесиң. Жетпеген турмуштун айынын ушундай жолго барганбы деп да ойлойсуң… Канткен күндө да туура эмес иш кылды дечи, бирок, миллиондорду жеп-ичип, жыргап-куунап күн өткөргөн чиновниктер сыртта жүрүшпөйбү… Себебин билгибиз келинди кепке тартсак, баласын кучактап басып кетти. Аны да туура түшүндүк. Анан ата-энесин сөзгө тарттык. Атасы маектешүүдөн баш тартпасын айтып, учурдагы жагдайды түшүндүрдү. “Бүгүн биз үчүн кубанычтуу күн. Себеби, кызыбыз адвокаттын жардамы менен үй камагына чыкты. Эне-бала кучакташып, кубанып турганына өзүңүз деле күбө болдуңуз. Азыр биз шашып жатабыз, себеби дагы бүтпөгөн иш кагаздар бар эле, ошону алышыбыз керек. Эмкиде кенен маек куралы. Аида Жеңишбековна жөнүндө айтчу жакшы сөздөр али алдыда, себеби, кызыма жакшы сөздөрдү айтып, моралдык жардам кылыптыр”,-деп сылык-сыпаа коштошуп кетти.

Соткадан башталган ыр-чыр, ый…

А.К аттуу келиндин адвокаты Элнура Алымбаеваны кепке тартып маектештик.

— Элнура айым, сиз укугун коргоп жаткан келин Аида Жеңишбековна менен чогуу бир камерада отурганын жана уурулук менен түшкөнүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын буга чейинки билдирүүсүнөн улам билебиз. Угушубузга караганда, сотка уурдап кармалган турбайбы, бирок, ал ээсине кайрылыптыр го. Буюму кайтарылгандан кийин камерага кармоонун кажети бар беле?

— Менин жактоомдо турган кызыма тергөө иштери жүрүп жаткан учурда күнөөлөгөн кызга буюму кайтарылып берилгени ырас. Бирок, ал кыздан мыйзам чегинде тосмо арыз алынбай калган, өз учурунда андан арыз алынганда соттук иш  кыскартылып, иш ошол жерден бүтмөк. Ал 164-берене менен айыпталып, учурда сот отуруму болууда. Соттук отурумга бир ирет гана катышып, эки жолу сотко келбей калган экен. Ошондо ага бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, аныктама чыгарылып, издөө жарыяланып, кармалган. Мына, бүгүн эң жакшы күн болду, үй камагына чыкты. Бүгүнкү сотто мен тастыктай турган иш кагаздарын, тиешелүү документтерди алып келип, жүйө келтирип, бир жаш, алты айлык баласы бар экенин жана кош бойлуулугун айтып, үй камагына чыгарууну соттон сурандым. Сот менин өтүнүчүмдү четке какпай, эске алып, үй камагына чыгарды. Ага өзүңүз күбө болдуңуз. Боюнда бар келиндин муздак дубалда кармалганы туура эмес, эне-балага зыян экенин эне катары сиз деле жакшы билсеңиз керек. Камерада 24 күн өткөрдү. Ушунча күн кош бойлуу келинге оңой эмес. Себеби ал таза аба менен дем алышы керек, депрессияга түшпөөсү зарыл. Керектүү тамак-аш менен азыктанышы абзел. Ушунун баарын сот эске алып, өз баасын берип, биз тарапка чечим чыгарат деген ойдобуз. Келээрки соту июлда болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.