КАРАТАЕВ: «Коронавирус жуктургандардын он биринин абалы оор, алтоо реанимацияда»

КАРАТАЕВ: «Коронавирус жуктургандардын он биринин абалы оор, алтоо реанимацияда»

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 12-апрелге карата брифингде билдиргенине караганда, коронавирус дагы 38 адамдан (25и аял, 13ү эркек) табылды. Кыргызстан боюнча жалпы саны 377ге жетти.

Жаңы жуктуруп алган 38 адамдын 12си медицина кызматкерлери (дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, санитарлар, ашканада иштегендер), ушу менен жалпы саны 63гө жетти. Кыргызстанда стационарда коронавирус жуктурган 318 киши жатат. Алардын ичинен он биринин абалы оор, алтоо реанимацияда.

Мадамин Каратаевдин айтымында, жаман илдеттен айыгып чыккандар да бар. Бир сутка ичинде 10 бейтап стационардан чыгарылган (Ош облусу — 5, Жалал-Абад — 5). Ушул күнгө чейин 54 бейтап айыгып чыккан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.