Жеңишбек ЖУМАКАДЫР, төкмө акын: “Өзгөлөр билбес кадырдын баркын, Өзүмдү кошо ала кет досум”

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР, төкмө акын: “Өзгөлөр билбес кадырдын баркын, Өзүмдү кошо ала кет досум”

Эсен болуп, эстей жүр!

Кыргыз эли кечээ залкар, алп акын, алты баланын атасы Элмирбек Иманалиевден ажырап өксүп турган чагы. Бир түндө эле канча деген акындар жоктоо ырын жазышты. Маркумдун эң жакын досу, төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын жоктоо ыры жандүйнөнү титиретти…

Жоктоо ыры

Түшүмө чындап кирдиңби досум,
Түгөнөр кезди билдиңби досум.
Түйшөлтүп сени ызгардуу дүйнө,
Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум.
Кучактап жыттап албайт бир белем,
Кууратар күндү ким билди досум.

Катылган сырлар бир эле досум,
Казына ырлар миң эле досум.
Өнөрдүн анык тулпары элең,
Өзүңө жетчү ким эле досум.
Өкүрүп турам өзүмө келбей,
Өкүнтүп кеттиң чын эле досум.

Табылбайт кымбат сага кеп досум,
Тагдырым экен санаа көп досум.
Суйкайган кыздар, балдарың кантем,
Сурашса атам кана деп досум.
Өзгөлөр билбес кадырдын баркын,
Өзүмдү кошо ала кет досум.

Жан дүйнө калды термелбей досум,
Жашайбыз эми сен келбей досум.
Эш тутуп залкар билчү калкың,
Эшмамбетти көргөндөй досум.
Токтобойт көз жаш кабырга сыздап,
Токтогул кайра өлгөндөй досум.

Ойлоруң тунук накта эле досум,
Обонуң муңдуу башка эле досум.
Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн,
Көрүнүп турган кашка эле досум.
Кылымды көрөр алтындай башың,
Кырк эки гана жашта эле досум.

Замандын айткан чындыгын досум,
Санатың жашайт миң кылым досум.
Жылт эткен өмүр биз да бүтөр,
Жылмайып күтүп тургунуң досум.
Коштогон арман кургурум досум,
Кош эми Элмир булбулум досум…

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР (20.04.2020-жыл)

Элмирбек Иманалиевдин маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эртең акыркы сапарга узатылат

Элмирбек Иманалиевдин тун кызы Айзуура Иманалиеванын жолдошу, күйөө баласы Мирзат Муканов кайын атасынын сөөгү каякка коюларын сурап жаткандардын бардыгына жооп берип жетише албай жатканын айтып, социалдык тармакка пост калтырды. «Эртең, 22-апрелде, саат 9-30да «Туңгуч» кичирайонундагы атамдын үйүнүн алдына эскерүү өтүп, сөөгү 10-30да алынып чыгып, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бирок, бул чакыруу эмес. «Аз киши болсун» деп жатышат, туура түшүнөбүз«,- деп жазды.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.