ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: Нөшөрлүү жамгыр жаайт. Суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал…

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: Нөшөрлүү жамгыр жаайт. Суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал…

Мындай маалыматты бүгүн, 27-апрелде ӨКМнин басма сөз кызматы таратты.

Алардын айтымында, 28-29-30-апрелдерде аймактарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 28-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын болот. 29-30-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

29-апрелинен 3-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.