ВИДЕО — Журналисттердин өмүрү коркунучта! Кесиптештер, кайдасыӊар?

ВИДЕО — Журналисттердин өмүрү коркунучта! Кесиптештер, кайдасыӊар?

Бүгүн, 10-октябрда, «Sputnik» сайтынын редакциясына белгисиз адамдар Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып киргенге аракет кылышкан. Бул тууралуу редакциядагы кесиптештерибиз жазып чыкты. Алардын жазганына таянсак, редакция жайгашкан жайга 30тай киши келип каалганы каккылашкан, кире албай койгондон кийин күзөтчүнү тилдеп, «30 мүнөт убакыт беребиз, болбосо, лом менен кайтып келебиз» деп зекип коркутуп кетишкен. Келген адамдар видеого түшүп калган.

Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, көрсөӊүздөр болот.

Мындай коркутуу буга чейин да, тагырагы, кечээ, 9-октябрда «Азаттык» радиосунун түз эфири учурунда болгон. Аны төмөндөн көрүӊүздөр:

Мындай окуялар бизди журналист катары эле эмес, укук, мыйзам талаасында жашагысы келген жаран катары да тынчсыздандырат. Эртеӊ кандай өлкөдө жашайбыз, өлкө башкаруусуна кандай адамдар келет деген тагдыр чечер маселелер күн тартибине коюлуп жатканда бардык компетенттүү, жооптуу тараптарга кайрылабыз!

Урматтуу күч органдары, биздин кесиптештерди ачык эле коркутуу-үркүтүү болуп жатат. Алар да Кыргызстан деген өлкөбүздүн жарандары, бирөөнүн балдар-кыздары! Мыйзам чегинде  өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча маалымат берүү, ойду эркин жазуу, айтуу, таркатууга тыюу салганга эч кимдин укугу жок. Анан журналисттин кимдир бирөөнү жактабай бейтарап болушу — журналистикадагы негизги принциптердин бири. Азыр журналисттер бул жоопкерчилик принцибин аздыр-көптүр кармап жатышат. Бул жоопкерчиликтүү эркиндикти бир эле журналисттер эмес, биздин жарандарыбыз да карманышы керек деген ойдобуз. 

Урматтуу Садыр Жапаровдун тарапташтары, силер да өлкө кызыкчылыгын ойлогон жарандарсыздар деген ишенимдебиз. Бирок кызуу кандуулукка алдырып аша чапкандыктын да чеги болот. Силер кайсы бир талапкерди колдосоӊор, аны бардык журналисттер колдоп жазышы керек дегениӊер туура эмес. Азыр журналисттер калыс чагылдыруу аракетинде, аны көрүп да, окуп да жатасыӊар. Алар болбосо, Садыр Жапаровдун айткан-дегени, иш-аракеттери элге тегиз жетмек эмес. Силер опузалоо аракеттериӊер, жапайы мамилеӊер менен, тескерисинче, Садыр Нургожоевичтин беделин түшүрүп жатасыӊар. «Эскилер кетсин!» дейсиӊер, Садыр Жапаров да эски кадрлардан! Бирок биз эски кадр деп жектеген жокпуз, тескерисинче, учурдагы кырдаалды турукташтырууга салымын кошот деген ойдобуз!

Суранарыбыз, кичине акыл калчап иш кылыӊыздар.  «Эл колдоп жатат» дейсиӊер, аз адам чыгабы, көп адам чыгабы, эл дегенге көнүп алдык. Тарапташтары десеӊер туура болот. Садыр Жапаров өзү: «Ар бир партиянын колдоочулары бар, аларды да сыйлайлы!» деп айтты го. Аны эмнеге укпайсыӊар?

Кимдир бирөөнүн тарапташтары дебейли, УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР, журналист катары ар кимибиз мыйзам чегинде өз ишибизди кылып жатабыз жана ал ишибизди улантууга өлкөбүздүн мыйзамдары жол берет! «Баарыӊар колдогула!» деп зордогонуӊар, биринчиден, мыйзамга каршы келет, укуктарды тебелегениӊер! Экинчиден, кыргыз баласы катары бул кылганыӊар жигитчиликке жатпайт!

Дагы кайталайбыз жана суранабыз, Кыргызстандын ар бир жараны өз оюн айтууга укугу бар. Ага мыйзам жол берет. Мыйзам чегинде иш алып баргыла! Коркутуу-үркүтүүлөрдү токтоткула!

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизден көптөн-көп суранарыбыз, тарапташтарыӊыз коркутуу-үркүтүүнү тезинен токтотушсун! Кесиптештердин бир тал чачы жерге түшпөйт деген ишенимдебиз! Журналисттер да жөн жатпайт, укугубузду коргош үчүн мыйзам чегинде тийиштүү кадамдарга барабыз!

Мирзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.