Нооманжан АРКАБАЕВ: «Мени молдолор чакырып, «Конституциядан “светтик” деген сөздү алып таштагыла!» деди

Нооманжан АРКАБАЕВ: «Мени молдолор чакырып, «Конституциядан “светтик” деген сөздү алып таштагыла!» деди

Жогорку Кенештин мурдагы депутаты, учурда Конституциялык кеңешменин мүчөсү Нооманжан Аркабаев бүгүн, 23-ноябрдагы жыйында молдолордун дубай саламын айтты. Анда ал: «Мени молдолордун чоң жамааты чакырып, сиздерге мындай дубай салам айтты, «Конституциядан “светтик” деген сөздү алып таштагыла!» деп. Бирок, “светтик” деген сөздү таптакыр алып салуу туура эместир, анын ордуна алдыңкы илимге жана маданиятка негизделген деген формулировканы киргизсек дейм”, – деди.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы директору ажы Акин Токталиев да “светтик” дегенди Конституциядан алып салуу керектигин айткан.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда, Конституциянын жаӊы долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койгон.

Конституциялык Кеңешмеге 89 адам (35и илимпоз) мүчө болуп кирип, анын төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев шайланган. Алар үч күндөн бери Баш мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулашууда.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.