Садыр Жапаров: «Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп калышы керек!»

Садыр Жапаров: «Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп калышы керек!»

Президентикке талапкер Садыр Жапаров орус тилин расмий макамынан ажыратуу сунушу боюнча пикирин социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу билдирди.

«Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилинин расмий макамын алып салууну сунуштады. Бул сунуш туура эмес. Орус тили БУУнун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. Мындан сырткары, биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес», — деп жазды С.Жапаров.

Кечээ, 26-ноябрда, Конституциялык кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Садирдин Төралиев кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керектиги тууралуу сунушун айтып, себебин кыргыздар эне тилин унутуп баратканы менен түшүндүргөн.

Ошондой эле Конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү, Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев Кыргызстанда экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүүнү сунуштаганда, ага профессор Сыртбай Мусаев каршы чыгып, «абсурд» деген. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот…

Урмат АМАНАЛИЕВ: «Орус тили расмий макамдан ажыратылбайт»

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешме Кыргызстанда орус тили расмий макамдан ажыратылбашы керек деп эсептейт. Азыркы норма өзгөрүүсүз калтырылганын кеңешменин мүчөсү, Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Урмат Аманалиев бүгүн, 27-ноябрда, билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ.

Кысымда калган кыргыз тили

Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына 31 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Коңшу мамлекет Казакстандан мамлекеттик тил макамын озунуп алдык, бирок, алардан артта калдык. Бул ачуу чындык. Бизде дагы деле эне тилибиз өнүгө элек. Дагы деле орус тилине басым көп жасалат. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, маалымат жыйындары, пресс-релиздер басымдуу орус тилинде. Мамлекет башчыбыз баш болуп, мекемелердин жетекчилери төш болуп даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп катуу сүйлөйбүз. Бирок, иш жүзүндө жылыш жок…

Кайран гана кысымда калган кыргыз тилибиз, багыӊ ачылар бекен!..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Садыр Жапаров: «Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп калышы керек!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.