Имамидин Ташов – 35 493 колтамга чогултуп, Боршайкомго тапшырды. Ким четтетилди? (Тизме)

Имамидин Ташов – 35 493 колтамга чогултуп, Боршайкомго тапшырды. Ким четтетилди? (Тизме)
«KG Group” курулуш компаниясынын президенти, президенттикке талапкер Имамидин Ташов 35 493 колтамга чогултуп, БШКга баракчасын өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда, билдирди.
Алардын маалыматына караганда, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү толук аяктады. Кечээ, 3-декабрда, саат 23:59га карата 21 кишинин кол тамгалары БШКга келип түшкөн. Алардын тизмеси төмөндө:
1. Клара Сооронкулова – 33 458;
2. Аймен Касенов — 46 270;
3. Бабыржан Толбаев — 59029;
4. Адахан Мадумаров — 39 856 ;
5. Садыр Жапаров — 59 998;
6. Равшан Жээнбеков — 39 874 ;
7. Рашид Тагаев – 40 651;
8. Элдар Абакиров – 43 630;
9. Жеңишбек Байгуттиев – 51 896;
10. Арстанбек Абдылдаев – 47 998;
11. Курсан Асанов – 43 864;
12. Бактыбек Калмаматов – 35 300;
13. Мыктыбек Арстанбек – 33083;
14. Абдил Сегизбаев – 55 480;
15. Улукбек Кочкоров – 43 804;
16. Кубан Чороев – 39 053;
17. Кубанычбек Токтосунов – 30 106;
18. Канат Исаев – 38 987;
19. Каныбек Иманалиев – 35 658;
20. Имамидин Ташов – 35 493.
Ал эми 21-болуп катталган Саматбек Ибраев президенттик жарыштан четтетилди. Себеби, анын чогулткан кол тамгасы белгиленген чекке (30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек) жетпей, аз  (15 033) болуп калган. Ошондой эле ал 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн да төккөн эмес.
Ортодон ойт берип кеткендер…

Башында президенттик шайлоого катышаарын 65 киши билдирген. Алардын 12сине БШК «Мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаттары жок жана соттуулугу бар» деп документтерин кайтарып берген. Калганы ар кандай себептер менен арызын артка алган. Кечээ, 3-декабрда, 11 киши арызын артка кайтарып алды. Алар: Базарбай Темишов, Акжолтой Тукунов, Арсланбек Малиев, Турсунбай Бакир уулу, Жамбылбек Камчиев, Адилет Маматов, Азамат Эсенбеков, Бактыбек Жумагулов, Абдыкаар Сыдыков, Санжарбек Энназаров, Кубанычбек Исабеков. Буга чейин арызын Садык Шер-Нияз, Сазыкбай Турдумалиев, Турсунбек Жумабеков кайтарып алган. Алар себептерин түшүндүрүүгө аракет кылышты, бирок, алардын тарапташтарры «ортодон ойт берип кетти» деп нааразы бойдон калышты.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт, үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга чейин жүргүзүлөт.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.