Райымбек Матраимов, Райым Исмаилов деген эки башка паспорту үчүн «кара тизмеге» кирдиби?

Райымбек Матраимов, Райым Исмаилов деген эки башка паспорту үчүн «кара тизмеге» кирдиби?

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго Америка санкция киргизди. Мындай маалымат АКШнын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Анда “Магнитский акты” деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

“Магнитский акты” деген эмне?

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдерине арест салынат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларга катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле санкцияга учураган адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

Лунин сыны…

Белгилей кетсек, буга чейин, 5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Ал октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан. Ага биздин ТИМ жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.

«7 тыйынга да тиешем жок» деген Матраимов мамлекетке 773 миллион сом төктү

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Бажыда иштеп, 2015-2017-жылдары (Атамбаевдин бийлигинде) Бажынын жетекчисинин орун басары болгон.

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен бирге Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган. Муну Матраимовдор четке кагып, «куру доомат» деп келишет.

Былтыр 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аркылуу күмөндүү жол менен Кыргызстандан чыгарылып турганы айтылган. Ошол иликтөөгө байланыштуу УКМКга чакырылып, аны тааныбасын, 700 миллион эмес, 7 тыйынга тиешеси жок экенин журналисттерге билдирген. Анткени менен мамлекетке акча которууда. Финансы министрлигинин 8-декабрга карата маалыматына караганда, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төккөн.

Быйыл, 20-октябрда УКМК Райымбек Матраимовду кармаган. Анда ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген. Ошол эле күнү сот Матраимовду эки миллиард сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде үй камагына бошоткон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.