ВИДЕО — Ысык-Көл облустук милиция: «Чөнтөк уурулардан кантип коргонсо болот?»

 ВИДЕО — Ысык-Көл облустук милиция: «Чөнтөк уурулардан кантип коргонсо болот?»

Чөнтөк уурулардан кантип коргонсо болору тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясынын кенешин басма сөз кызматы бүгүн, 10-мартта таратты.

— Ар бир адам чөнтөк уурулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн, анткени кылмыштын бул түрү күтүлбөгөн жерден орун алат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, чөнтөктөн уурдоо фактылары көпчүлүк учурда шаарларда жана райондордун борборлорунда басымдуулук кылат. Чөнтөк уурулуктун көбүнчөсү коомдук транспортто, соода жана базар комплекстеринде, эл көп чогулган жерлерде болот.

2021-жылдын эки айында Ысык-Көл облусунун шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө 17 чөнтөк уурулугу жана уюлдук телефондорду уурдоо боюнча 97 факт катталган.

Көпчүлүк учурларда жогоркудай уурулукка – буюмдардын ээлеринин этиятсыздыгы себеп болгон. Ошондуктан, чөнтөк уурулукту болтурбай коюуга төмөнкүдөй жөнөкөй эрежелерди сактоо өзгөчө маанилүү, анткени кылмышты алдын алуу кыйла жеңилирээк болот:

— эл көп топтолгон коомдук транспорттордо, дүкөндөрдө же башка коомдук жайларда буюмдарыӊыздарга өзгөчө көңүл бөлүп, сак болуӊуздар;
— капчыктарыӊыздар кийимдериӊиздерден ачык көрүнбөшүнө көңүл буруңуз, анткени бул жагдай чөнтөк уурулардын көңүлүн өзүнө бурарын эсиӊиздерден чыгарбаӊыздар;
— уюлдук телефонду бейтааныш же болбосо чочун адамдарга бербеңиз;
— коомдук транспорттордо, эл көп топтолгон башка жайларда уюлдук телефонду курга илүүнүн же атайын жипке байлап мойнуңуздарга илип алуунун кереги жок. Кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салып коюӊуздар;
— көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду стол үстүндө, отургучта жана кийим чечкен бөлмөдө кароосуз калтырбаңыз;
— төш чөнтөк капчыктарын колдонуңуз — бул сактануунун эң ишенимдүү ыкмасы, анткени мындай учурларда чөнтөкчүлөр байкатпай уурдап ала алышпайт;
— сумка, баштыктарыңыздын сыдырмасы толук, бекем бекитилгендигин текшерип, эл көп жайларда боюңузга бекем кысып алып жүрүӊүз;
— эч качан акча каражаты салынуучу капчыкты соода арабасына салбаңыз;
— сизге артыӊыздан, же болбосо капталыӊыздан жакындап турууга аракет кылып жаткан адамдарга ар дайым көңүл буруңуз;
— үйдөн чыгып жатканда капчыгыңызда канча акча каражаты бар экенин эсептеп чыгыңыз. Максаты жок ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз;
— капчык ичиндеги акча каражатын элдин көзүнчө эсептебеңиз.

Эгер сиз уурулардын колунан жабыр тарткан болсоңуз же болбосо кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо ички иштер органдары менен 102 байланыш телефону аркылуу байланышыңыз.

Ысык-Көл ОИИБ Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.