Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн чоо-жайы териштириле баштады

Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн чоо-жайы териштириле баштады

Бишкек шаардык милиция Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин бири Бахтияр Шакировдун өлүмүн иликтеп-териштире баштады.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, Ленин райондук милиция бөлүмү иликтеп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

— Экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгына жараша толугураак маалымат кийин берилет, — деди Жумаков.

Баштапкы кабарларга ылайык, Шакиров 1-апрелге караган түнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарыларын көтөрүп барып ийне сайдыргандан кийин көз жумган.

Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова «Фейсбуктагы» баракчасына, маркумдун жакындарынын айткандарына шилтеме жасап, ал COVID-19 илдетине каршы вакцина алгандан кийин көз жумганын жазган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты төгүндөп, маркумдун аты-жөнү эмдөөдөн өткөндөрдүн реестрине катталбаганын билдирип чыгышкан.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Шакировдун көз жумганын ырастап, бирок вакцинага байланыштуу эч кандай комментарий берген эмес.

Айтмакчы, Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта Кытай берген SinoPharm вакцинасы менен баштаган. Планга ылайык биринчи этапта медкызматкерлер, күч кызматкерлери, мугалимдер жана соцкызматкерлер эмделет. Дипломатиялык мекеме өкүлдөрү бул тайпага кирбейт.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 88 миңден ашып, каза болгондор 1500ге жетти…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.