ВИДЕО — Жээнбеков менен Зулпукаровдун камалышына адвокаттары, тарапташтары нааразы…

ВИДЕО — Жээнбеков менен Зулпукаровдун камалышына адвокаттары, тарапташтары нааразы…

31-майдан 1-июнга караган түнү Жогорку Кенеш депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Биринчи май сотуна алып келинип, баш коргоо чаралары каралып, чечим чыкты. Аларга «коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, эки айга  — 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтырылганын жактоочулары соттон чыккандан кийин журналисттерге билдиришти.

Бирок, алардын айтымында, эки депутат мыйзамсыз кармалып, камалышты, андыктан алар сот чыгарган чечимге макул эмес, андан нары шаардык сотко кайрылышат.

Эки депутатты жактап «боштондук» деп кыйкырып жаткандар да ал жерден кетпей тургандыктарын билдиришти…

Эске сала кетсек, май айынын акыркы жумалары саясаттагы мурунку, азыркы үлкөн ысымдардын дүӊүнөн суракка чакырылып, бир канча саатка же бир нече айга камалганы тууралуу жаӊылыктар менен коштолду. Козголгон кылмыш иштердин басымдуусу «Кумтөр», «коррупция», «мыйзамсыз баюу» сындуу айыптоолор менен байланыштуу.

Алсак, кечээ, 31-майда «Кумтөр» иши боюнча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаев кармалып, камалышты. УКМК айтымында, алар «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип кармалышкан.

Өмүрбек Бабанов боюнча УКМК билдирүүсүндө: «Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги тарабынан «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда. Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип, мурдагы премьер министр Ө.Бабанов кармалды. УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат», — деп айтылат.

Айтмакчы, буга чейин «Кумтөр» маселеси боюнча мурдагы премьер-министрлер Игорь Чудинов менен Темир Сариев дагы суракка алынган…

Кыскасы, УКМК «»Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысына байланыштуу» мурда-кийинки жогорку кызматтагы тийиштүү адамдарды суракка чакырууну, камоону катуу улантканы калды окшойт…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.