Бабановдун тагдыры бүгүн чечилет: ал акталабы же камакта калабы?

Бабановдун тагдыры бүгүн чечилет: ал акталабы же камакта калабы?

Мурдагы премьер-министр Өмүбек Бабанов жана экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаевдин бөгөт чарасы бүгүн, 2-июнда, каралат. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кечээ билдирген эле.

Белгилей кетсек, УКМК «Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы, азыркы бир нече аткаминерге айып коюп, суракка чакырууда. 31-майда, Жогорку Кеңеш депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакырылып, эки айга камакка алынса, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка камалган. Мурдагы өкмөт башчылары Темир Сариев менен Игорь Чудинов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров жана депутат Рыскелди Момбеков да бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.