Бишкек мэриясындагы ишкананын башкы бухгалтери пара менен кармалды

Бишкек мэриясындагы ишкананын башкы бухгалтери пара менен кармалды

Бишкек мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы бухгалтери Н.П. УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алардын маалыматына караганда, буга чейин аталган ишканадан УКМК бир нече каржылык мыйзам бузууну аныктаган. Алардын андан нары териштирилип тереӊдеп кетишин каалабаган бухгалтер атайын кызматтын кызматкерине 50 миң сом сыйакы сунуштаган. Ошол акчаны 4-июнда колдон-колго берип жаткан жеринен кармалган.

Бул факт боюнча ага Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат дешти…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.