САДЫКОВА: «Министрлик медиктерге кенемте төлөп берүү убадасына турган жок. Мен муну айткандан коркпойм»

САДЫКОВА: «Министрлик медиктерге кенемте төлөп берүү убадасына турган жок. Мен муну айткандан коркпойм»

Коронавирустан каза болгон медиктердин жакындарына жана жумуш учурунда COVID-19 жугузуп алган дарыгерлерге убада кылынган кенемте төлөнүп бериле элек.

Дайырбек Өмүралиевдин айтымында, анын апасы (Бишкектеги Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун биринде иштеген 48 жаштагы медайым) Жыргалбүбү Оталиева былтыр коронавирустан улам өпкөсүнүн 95% жабыркап каза болгон. «Биз кенемте алуу маселеси менен кайда гана кайрылган жокпуз! Бардык жерде документтер каралып жатканын айтып жатышат. Депутаттарга, Саламаттык сактоо министрлигине да кайрылып көрдүк, бирок жыйынтык болгон жок. Бүгүнкү күнгө чейин убадаланган кенемтени ала албай жүрөбүз«, — дейт Дайырбек Өмүралиев.

Марифат САДЫКОВА: «Мени жумушуман ажыратып коюушу мүмкүн, бирок, өмүрүмөн ажырата алышпайт»

Медайым Марифат Садыкованын айтымында, ал былтыр, апрелде коронавирус менен катуу ооруп, 22 күн ооруканага жатып чыккан. Кенемте алуу үчүн документтерин топтоп, үч жолу арыз жазган. Бирок үч жолу тең Саламаттык сактоо министрлиги документтерин кайра кайтарып берген. «Министрликтен биз «кызыл зонада» эмес, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда иштегенибизди айтып жатышат. Бирок пандемия башталган алгачкы учурларда COVID-19дун белгилери бар бейтаптардын көбү жардам сурап бизге келишкен. Мага ошол маалда коронавирус жуккан. Мен бул жөнүндө айткандан коркпойм. Мени жумушуман ажыратып коюушу мүмкүн, бирок, өмүрүмөн ажырата алышпайт. Алар өздөрү кенемте убадалашкан! Дарыгерлер эч нерсе талап кылган эмеспиз«, — дейт М.Садыкова.

МИНИСТРЛИК: «Бир жарым миң медикке 200 миң сомдон төлөнүп берилет»

Эске сала кетсек, март айында Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясы башталгандан бери COVID-19 жуктуруп алган бир жарым миң медикке 200 миң сомдон төлөнүп берилгенин билдирген. Бирок анда дагы канча дарыгер кенемте күтүп жатканы айтылган эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын бүгүнкү, 28-июндагы маалыматына караганда, өткөн суткада 1 081 кишиден коронавирус аныкталып, 488 бейтап айыккан. Ушуну менен Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 121 946га жеткен. Анын ичинен 108 953 киши дартты жеңип, беш адамдын өмүрүн алган. Учурда 3 123 бейтап стационарларда дарыланууда. Анын ичинен 926синин абалы оор болсо, 128си өтө оор абалда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.