Мирлан БАКИРОВ: «Мегакомду» Улуттук банк сатып алышы мүмкүн»

Мирлан БАКИРОВ: «Мегакомду» Улуттук банк сатып алышы мүмкүн»

Улуттук банк «Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» компаниясын сатып алышы мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Кечээ депутаттар мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын өзгөртүүнү талкуулашкан.  «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондун (14,9%), «Керемет» банкын (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатуу пландалып жатканы белгилүү болгон. Бул объектилерди көз карандысыз тарап баалай турганын, андан соң атайын комиссия сатуу ыкмасын аныктарын Мирлан Бакиров айтып, бул аукцион, конкурс же түз сатуу болушу ыктымал экендигин билдирди.

Жоопсуз калган суроо

Депутат Улукбек Ормонов Садыр Жапаров парламенттин мүчөсү болуп турганда «Альфа Телекомдун» сатылышына каршы чыкканын эскертип, ал азыр пикирин өзгөрттүбү деп сураганда, Бакиров бул суроого жооп берген жок. Бирок компанияны Улуттук банк сатып алышы мүмкүн экенин айтты: “Биз бул объектилерди Экономика жана каржы министрлигине сунуштап, андан соң маселе министрлер кабинети менен макулдашылды. Сатып алуучулардын бири Улуттук банк болушу мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору өкмөттүн талкуусунда. Эгер Улуттук банк сатып алса, объект мамлекеттин карамагында калат. Буга чейин да “Мегакомду” сатуу аракети болгон, бирок аларман чыккан эмес”, — деди.

Улуттук банк эмне дейт?

Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов расмий түрдө банкка “Мегакомду” сатып алуу боюнча сунуш түшпөгөнүн айтты. “Биз тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин бул сунушту карап, иликтеп чыгабыз. Биз ыктымал сатып алуучулардын бири катары каралып жатабыз”, — деди Абдыгулов.

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү керектиги бир канча жылдан бери айтылып эле келе жатат. Менчиктештирүү аракетинин жаңы толкуну президент Садыр Жапаровдун 5-майдагы кайрылуусунан кийин кайра башталды.

“Мегаком” уюлдук оператору 100% мамлекеттики. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.