Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик кызматтан бошотулду. Ал кимдин ордуна барды?

Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик кызматтан бошотулду. Ал кимдин ордуна барды?

Кыргыз эл жазуучусу, соӊку учурларда мамлекеттик кызматчы болуп иштеп жаткан Чолпонбек Абыкеев ал кызматынан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 12-октябрда, билдирди.

Айтымында, Чолпонбек Абыкеев Равшан Сабировдун ордуна барган. Мамлекеттик катчы болуп Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган. Ал бул кызматка чейин Президенттик администрациянын башчысы болчу.

Кызматтан бошотуу, кызматка дайындоо Жарлыктарына президент Садыр Жапаров бүгүн кол койду.

Белгилей кетсек, Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болуп быйыл 2-июлда президенттин Жарлыгы менен дайындалган. Жакында эле Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун колунан мамлекеттик сыйлыкты алган. «Кыргыз эл жазуучусу» наамы жана сыйлыктар тууралуу маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.