Кабыл Макешовдун 60 жылдык кутман курагы менен AIPS президенти Жованни Мерло куттуктады

Кабыл Макешовдун 60 жылдык кутман курагы менен AIPS президенти Жованни Мерло куттуктады
Бардык олимпиаданы үзгүлтүксүз чагылдырып келген, кыргыз спорту, дегеле спорт дүйнөсүн мыкты билген спорт журналисти Макешов Кабыл Асангелдиевич 60 жашка чыкты. Маараке ээсин кутман курагы менен AIPS (Спорттук журналисттердин эл аралык ассоциациясынын) президенти Жованни Мерло куттуктаптыр. Анын видео аркылуу куттуктоосун ишкер Аскар Салымбековдун уулу Улугбек Салымбеков «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Толугу менен төмөндө:
Бүгүнкү кыргыз спортунун ысымы ата мекендик журналистика менен тыгыз байланышкан инсан – Макешов Кабыл агайсыз элестетүү мүмкүн эмес. Бүтүндөй эмгек жолунда спорт менен журналистиканы эриш-аркак алып жүрүп, Кабыл агай кыргыз спортунун тирүү энциклопедиясына айланды. Буга анын өмүр бою бир багытта – спорттук журналист катары эмгектенип келгени далил. Агайдын кесибине болгон мамилеси да өзгөчө. Ал спорттук иш-чараларды жөн гана куш кабарлар менен чагылдырып койбостон, өзү катышкан спорттук таймаштарды жана беттештерди кеңири баяндаган эмгектерин жаратып келет. Буга чейин Кыргыз спортунун тарыхын жана спорттук энциклопедияны толуктап жазып, «Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы» аттуу китебиңизди жана башка кыргыз спорту боюнча бир канча эмгегиңизди жаратуу менен өзүңүздү мекенчил жана чебер журналист катары далилдедиңиз. 2003-жылдан азыркы кезге чейин КР Спорттук журналисттер федерациясынын баш катчысы милдетин аткарып келе жатасыз. Сиздин ишмердүүлүгүңүз жаш муундарга жаратмандыктын үлгүсү болуп калды. Сиздей өз кесибин сүйгөн жана өзү иштеген тармакка ченебей салымын кошкон адистерибиз көп болсун!
Кабыл Асангелдиевич Лондон, Рио-де-Жанейро, Сочи олимпиадалык оюндарын, ошондой эле кыргызстандык спортчулар катышкан бир далай масштабдуу эл аралык спорттук иш-чараларды жеринен чагылдырып келди. 1995-жылдан бери AIPS (Спорттук журналисттердин эл аралык ассоциациясы) мүчөсү болуп саналат. Дал ушул жетишкендиктери үчүн агайдын мына бүгүн спорттук журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон ат көтөргүс салымы бааланып, спорттук медиа-индустрия жаатындагы жогорку эл аралык сыйлык – AIPS Премиясынын «Атайын байге» номинациясына ээ болуп турат. AIPS (Спорттук журналисттердин эл аралык ассоциациясы) президенти Джованни Мерло тарабынан ыйгарылган бул сыйлыкка дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук иш-чараларды чагылдырууга катышып жүргөн, чыныгы кесипкөй жана чыгармачыл гана спорттук журналисттер татый алышат. 60 жаш маарекеңизди белгилөөгө туш келген бул татыктуу сыйлыгыңыз кут болсун!
Ар дайым ушул позитивдүү жигериңизден жазбай, кыргыз спортунун тарыхын жазуучулардын сап башында жүрө бериңиз! 60 жаш курагыңыз кут болсун! Сизге чың ден соолук, бекем күч-кубат жана бакубат жашоо каалайм!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.