Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ: «Алган жары өзүнө жарашты бекен?» деп казак туугандар да тынчсызданыптыр…»

Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ: «Алган жары өзүнө жарашты бекен?» деп казак туугандар да тынчсызданыптыр…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы кечээ, 27-октябрда, А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында белгиленди.
Агабыздын көзү тирүүсүндө эки-үч курдай маектештим. 2006-жылы 75 жылдык юбилейи белгиленген эле. Ошол иш-чараны утурлай алынган 15 жыл мурунку маекти кечээ жарыялаганбыз. Ошол маекке чейин бир жыл мурун — 2005-жылы «Бишкек таймс» гезитине үй-бүлө тууралуу «Экөө» аттуу рубриканын алдында жубайы Касымбекова Элмира эже экөөнүн маеги чыккан. Эл кызыккан кыйла суроолорго жооп алган элек, залкар агабыздын ошол маегин бүгүн сунуштап турубуз…

Архивден…

Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ: «Башкарат» деген сөздү туура эмес жакка бурбаш керек!»

— Агай, кыргыз элинин сүйүктүү, атактуу жазуучусу болгондон кийин, сиздин жашоо-шартыңызга кызыккан адамдар арбын. «Алган жары өзүнө жарашты бекен?» деген суроого да жооп издегендер оголе көп…

— Бул суроодон кийин, бир нерсе эсиме түштү. Казакстан мамлекетинин Олуя-Ата облусунун Тараз шаарында өткөн Майкөт (убагында Жеңижок менен айтышкан) жазуучунун 100 жылдык мааракесине барганыбызда казактардын 85 жаштагы аксакал жазуучусу Нурпейисов Абдижамил: «Жаркылдаган жарыңыз жарашыптыр гой»,- деп кубанган. Көрсө, ал киши да ага чейин ушундай суроо менен тынчсызданган экен. Албетте, мен үчүн тынчсызданган элиме ыраазымын. Кыскасын айтсам, алган жарым камкор аял, мээримдүү эне.

— Окурмандардын суроосу менен келгенден кийин, эл арасында жүрүп жаткан сөздөрдөн сурай кетейин. Эгер оңтойсуз суроо болсо алдын ала кечирим сурайм. Сизди «аялы башкарат экен…» дешүүдө

— «Башкарат» деген сөздү туура эмес жакка бурбаш керек! Элмира: «Караңгыда жалгыз баспаңыз, көчөдө кагынган балдар көп, кокус сизди жөөлөп өтсө, жыгылып денеңизди оорутуп аласыз» деп жалгыз бастырбай, дайыма өзү жандап жүрөт. Жадагалга светофордон да чочулап, өзү өткөрөт. Эгер бошобой калса, сөзсүз бирөөнү кошуп берет. Жакшы карайт, чачымды тарайт, тырмагыма чейин алып берет. Бардык жакта колдоо көрсөтүп келатат. Бир сөз менен айтканда, мени карыткысы келбейт. Мына мунун баары башкарууга эмес, кам көрүүгө жатат.

«Эми мен кандай адам экенимди Элмира эжеңден сурасаң айтып берет» деп күлүп койду да, шахмат ойногонго шашып чыгып кетти.

(Уландысы бар)

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

«Бишкек таймс» гезити, 2005-жыл

P.S. Залкар жазуучубуздун биринчи никеси Адаш эжеден беш баласы, бир кызы бар. Кемпири каза болгондон көп жылдан кийин, тагырагы, 2000-жылы кайталап турмуш курган. 35 жаш кичүү Элмира айымга баш кошуп, Асылбек аттуу уулдуу болгон. Элмира айым менен болгон маекти эртең окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.