Шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чагылдырып жатканда БШК системасы кайрадан иштебей калды…

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чагылдырып жатканда БШК системасы кайрадан иштебей калды…

Бүгүн, 1-декабрда, саат 9:55ке карата БШК парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын көрсөтүп жатканда, дагы кайсы бир оорусу кармадыбы, системасы дагы иштебей калды. Бул жолу сайттын мониторунда эч нерсе көрсөтүлгөн жок, «Сервердин ички катасы» деген гана жазуу чыкты.

Хакерлер кийлигиштиби, же дагы бир адиси адаштыбы, же кайсы бир коддон, формуладан жаңылышыштыбы, же үчүнчү, төртүнчү, а балким, бешинчи күчтөр аралаштыбы, айтор, шайлоонун маалыматтык системасынын сайтында мүчүлүштүктөр кайрадан кайталанды…

БШК алдын ала жыйынтык боюнча маалыматты кечирээк беришээрин билдирди…

Эске сала кетсек, 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калган. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан (автоматтык эсептөө урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган. АСУ добуш берүү маалында эле иштебей калганы жана шайлоо жыйынтыгында системанын жалпы жабылып калганы элде, талапкерлерде күмөндү, шек саноону күчөттү… Бир катар партиялар да, шайлоочулар да муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда…

Бюллетендерди кол менен саноо болсо уланууда… Бирок айрым маалыматтык каражаттарынын жеке көзөмөлдөө-байкоолорунун негизинде жарыялаган видеолорго караганда, ажобуздун «кол менен санагыла» дегени аткарылып жаткан айрым шайлоо тилкелеринде кол менен аткарылган айрым мыйзамсыз иш-аракеттер да болуп жаткандай…

Дегенибиз, бюллетендеги бир нерселерди замазка, өчүргүч менен өчүрүп өзгөртүүлөрдү киргизип, ал өзгөртүүлөр боюнча бир да акт түзүлбөй жатканын байкоочулар эскертип жаткан… жайнаган бюллетендерди жайып алып жайма-жай толтуруп жаткандар тартылган видеолор чыгып жатат…

Айтор, ааламды таза шайлоо менен таң калтыра албай койдук…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.