Ош шаарында 10 миң түп павловния көчөтү отургузулуп, эстафета Бишкек шаарына узатылды

Ош шаарында 10 миң түп павловния көчөтү отургузулуп, эстафета Бишкек шаарына узатылды
Бүгүн, 25-февралда Ош шаарынын аймагына 10 миң түп павловния көчөтү отургузулду. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардык кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер биргеликте облустук профсоюздун имаратынын жанындагы сейил бакта көчөт отургузду.  Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, мэр Мамбетов президент Садыр Жапаровдун «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, бак-дарактардын көчөттөрүн жапырт отургузууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгилеп, Ош шаарынын бардык кичи райондоруна боордош Андижан облусунан келген 10 миң түп павловниянын көчөттөрү отургузулганын айткан. Ошондой эле, ал жашылдандыруу эстафетасын Бишкек шаарына өткөрүп жатканын, быйылкы жылдын эсебинен Ош шаарына дагы 35 миңден ашык бак-дарактардын көчөттөрү отургузуларын билдирген.

Жарлыктын максаты…

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына 3-февралда кол койгон.

Бул жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетине 1-мартка чейин тоолорду коргоо жылын өткөрүүгө байланыштуу жол картасын даярдоо тапшырмасы берилген. Анын алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү өңдүү иш-чаралар каралат.

Жарлыктын максаты: климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө.

Баса белгилей кетсек, Кыргызстандын демилгесине ылайык, былтыр декабрда БУУ (Бириккен Улуттар Уюмунун) Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдоп беришкен.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Ош шаарында 10 миң түп павловния көчөтү отургузулуп, эстафета Бишкек шаарына узатылды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.