Айдай Ивакова НТС каналынын директору болуп дайындалды

Айдай Ивакова НТС каналынын директору болуп дайындалды
Мындай маалыматты журналист Гүлжан Алтымышбаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Кесиптешибиздин маалыматына караганда, мурдагы директор Миржан Балыбаев
НТСти оор мезгилде (пандемия, экономикалык кризис, саясий туруксуздук ж.б.) башкарган.
Эске сала кетсек, Жайнак Үсөн уулунан кийин Миржан Балыбаев 2019-жылдын март айында НТС каналына жетекчи болуп келген.

Жаңы дайындалган жетекчи Айдай Ивакова тууралуу учкай маалымат бере кетсек, жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетти (КУУ) аяктаган. Тажрыйбалуу журналист. Көп жылдан бери НТС каналында эмгектенип келет. Гүлжан Алтымышбаеванын айтымында, Айдай Ивакова НТС дегенде ичкен ашын жерге койгон, иш десе уктабай чыккан эмгекчил, ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн жаратман кыз. Жаратмандыгынан кабарыбыз бар. НТС каналынын “Санжыра” радиосунун жыштыгы аркылуу «Селкинчек» программасынан элдик таланттар чыгып келет. Дал ушул долбоордун ээси Айдай Ивакова.
2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Республика» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.
Үй-бүлөлүү. Бир кыз, эки баланын энеси.
Айдай айымга бекем ден соолук, ишине ийгилик каалайбыз!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.