Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Аттын башы кермеде, эрдин башы түрмөдө…»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Аттын башы кермеде, эрдин башы түрмөдө…»
Белгилүү журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболот кезектеги макаласын «Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Ал толугу менен төмөндө.

Элге так маалымат, тарбиялуу маданият керек!

Бүгүн маалымат, маданият тармагындагылар кесиптик майрамы менен бирин бири куттуктап атышат. Бул тармакка көңүл бурулганы жалпысынан жакшы нерсе. Эгерде формасы мазмунуна туура келсе андан бетер жакшы.
Бирок так ушу тапта бир катар аттуу-баштуу кесиптештерибиз, тагыраак айтканда, маалымат тармагынын өкүлдөрү камакта отурат. Эмненин негизинде камалганы, кандай күнөө коюлганы тууралуу жүйөлүү түшүндүрмө жок. Аттын башы кермеде, эрдин башы түрмөдө. Ал боюнча жазылган тролль армиянын комментарийлеринде дегеле маданият аттуунун баарына каршы жасалган кыянаттыктын үлгүлөрү кездешүүдө. Ошолордун баары болбосо да көбү бийликтин аракеттерин жактаган немелер. «Мага күнү түшүп калса Стакеңдин иши чатак экен» деп илгери бир чолок абышка айткандай, ушуларга күнү түшүп атса, демек, алардын артында тургандардын деле абалы жакшы эмес.
Бийликке да, оппозицияга да тартпай, жалаң улуттук кызыкчылыкты туруктуу көздөгөн бир да саясий ЖМК ачыла элек. 30 жыл бою… Андай ЖМКны колдоого ала турган арты таза меценаттар тобунун башы бириге элек. Чет өлкөдөн каржыланса да салыштырмалуу так маалымат берген, бир кезде азыркы бийлик ээлери өздөрүнө керек болгондо жогору баа берген ЖМКлардын сайттары жабылып, эсеби бөгөттөлүп атат.
Маданият да, маалымат да биринчи иретте улуттук кызыкчылыкка, андан ашып баратса жалпы адамзаттык баалуулуктарга кызмат кылууга тийиш.
Улуттук кызыкчылык мамлекеттин жеринен башталат. «Кемпирабадды бербейли» деген 20дан ашык киши камалып, «берели» дегендер (демек, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө каршы чакырык таштагандар) эркиндикте жүрөт. Бир кезде өздөрү митингге чыгып «бийликти алыш керек» деп кашаадан секиргендер, соттон расмий акталганын эмгиче көрсөтө албагандар бийликте отурат.
Маданият дегенге кеңири маанисинде адамды айбанаттар дүйнөсүнөн айырмалай турган нерселердин баары кирет. Кийген кийимден тартып колдонулган идишке чейин бүт ошого арналган.
Маданияттын максаты — адамды ого бетер адамдык касиетине жакындатуу, айбандык кыртышынан алыстатуу. Адамды мүмкүн болушунча калыс, чынчыл, адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү кыла билүү. Коомубуз ошондой абалдабы? Канча бөлүгү ошондой? Эгерде коомубузда чындыкты кабыл албаган, маалыматтын ак-карасын талдай билбеген, адамдык касиеттен алыс кишилер көп болсо — демек бул маданияттын да, маалымат тармагынын да жетишкендиктеринен кемчилиги көп экендиги.
Ошондо эмнени кайсы арыбызга майрамдайбыз?
Жыргалбек КАСАБОЛОТ

Эки айга жапырт камалгандар… Кечээ Семетей Талас уулу камалды…

Эске сала кетсек, 23-октябрда Бишкекте айрым саясатчылар, жарандык активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылып, 48 саатка камалган. Аларга кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын ИИМ билдирген. 24-октябрда Бишкекте бир топ жарандар камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Ушундай эле талап менен Ошто да митинг өткөн.

Камалгандардын (Азимбек Бекназаров, Айданбек Акмат уулу, Али Шабдан, Чынгыз Капаров, Айбек Бусурманкулов, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Канат Исаев, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов,   Эрлан Бекчоро уулу, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминов, , Нурлан Асанбеков, ​Талант Эшалиев жана Акыл Айтбаев) баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, эки айга камалган. Кечээ (1-ноябрда) дагы бир кесиптешибиз Семетей Талас уулу суракка чакырылып, 48 саатка камалды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.