ВИДЕО — 4-класстын окуучусу Элдар эстафетаны Гүлжигит Сатыбековго узатты…

ВИДЕО — 4-класстын окуучусу Элдар эстафетаны Гүлжигит Сатыбековго узатты…

Мыкты иш-чара тууралуу учкай кеп…

Бул жылдын этегиндеги жакшы бир иш-чара — Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленип өттү. Иш-чара башы 13-ноябрда Талас жергесинен башталып, 18-ноябрда А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында жыйынтыкталды. Уюштуруучу топ залкар акындын бийиктеги даражасын кемитпей даярдыкты мыкты көрүшүптүр…

Окурмандардын суранычы менен узартылган эстафета…

Эми бул иш-чараны жана ал жерде айтылган сөздөрдү, архивдеги башка маек-кептерди 18-декабрга чейин баяндап берип турабыз. Анткени, кудай буйруса, ушул күнү биздин «Алакан» (alakan.biz) сайтыбызда май айынан бери уланып келаткан эстафетабыз жыйынтыкталат…

Эми эстафета жүрүшү боюнча айтсак, баштапкы ыргагы жоголбой уланып жатат: Кыргыз Эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев Франциядагы ыйгарымдуу элчибиз Садык Шер-Нияздан алган эстафета кезегин Байдыкебиздин ««От койгун махабаттын милтесине…” аттуу обондуу ырын окуп, эстафета кезегин адабиятчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыповго узаткан.

Кичинекей күйөрман

Бул ортодо эстафетабызга Байдылда Сарногоевдин обондуу ырларынын кичинекей күйөрманы — 4-класстын окуучусу Элдар Темирбековдон бизди кубанткан тасма келип калды. Бажырайган балатай башына улуттук баш кийимибиз калпакты, үстүнө калпагына өңдөш, оюм түшүрүлгөн көйнөгүн кийип, бою менен тең кыякты созолонтуп, тоо булагындай таза добушу менен эки ырды ырдап жөнөтүптүр, садагасы. Көз тийбесин, буйруса, мыкты талантыбыз өсүп келатыптыр…

Айтмакчы, алгач эстафетабызды мамлекеттик иш-чара менен кошо жыйынтыктасакпы деген ой болгон, бирок улам кызуусу артып кызыктырып бараткандыктан, окурмандар суранычы менен «ушул жыл залкар акындын жылы болуп аяктасын» деген изги тилек менен узартканбыз… Элдардай балабыз улантып жатканына абдан кубандык…

ЖАШТАРГА

Сөзү: Байдылда САРНОГОЕВдики
Обону: Асанкалый КЕРИМБАЕВдики

Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбассың
Болжолу өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.

«Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт,–дейт–тулпар тушунда».
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн учурда.

Элдар ТЕМИРБЕКОВ: «Эстафетага чоң энем катыш» деди…»

Эстафетабызга жаңы дем берген кенже катышуучубуз, балапан талант Элдарга эки ооз суроо узатып, учкай маектештик. 

— Элдар, өзүңдү тааныштыра кетсең?

— Мен Темирбеков Элдар Азаматовичмин. Апамдын аты — Элмира. Төрт бир тууганмын, агам, эжем, карындашым бар. Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназияда 4-класста окуйм. Отличникмин, анан активистмин. Ыр боюнча райондук, областтык, эл аралык сынактарга катышып, жеңип келатам. Байдылда атабыздын «Жаштык кез» деген ырын Мирбек Атабековдун ырдаганын угуп, ырдап калдым. «Ак чыныны» биринчи жолу ырдадым.

— Байдылда атанын ырынын аталышы «Жаштык кез» эмес, «Жаштарга» да…

— Мирбек Атабеков «Жаштык кез» деп ырдап жүрөт го… Эми эсимде болот…

— Эстафетага өзүн билип катышып жатасыңбы же бирөө айттыбы?

— Байдылда Сарногоевдун 90 жылдыгына арналган эстафета жүрүп жатканын чоң апамдан уктум. Чоң апам  «Эстафетага катышпайсыңбы?» деп айткандыктан, ушул 2 ырды ырдап тартылдым.

— Эстафетаны Гүлжигит Сатыбековду узаттың, эмнеге аны тандадың?

— Анткени ал да аккордеон тартат. Жакшы ырдайт, үнү жагат.

Элдарга биз абдан ыраазы болдук. Жакшы тарбияда, өнөр баккан үй-бүлөдө чоң колдоо таап, сүйүү жана мээрим менен чоңоюп жатканы байкалып турат. Элдар, сага эң башкысы чың ден соолук каалайбыз. Сени тапкан ата-эненин сыймыгы, ыйманы бекем бала болуп өсө бер! Эл керегине жараган мыкты уул болоруңан шек жок. Биздин эстафетага катыштырган чоң апаңа таазим! Бар болуңуз, апа!

Элдардай уулдар бар, Байдылда Сарногоев жазгандай улуу таланттардын «Жоктугу билинбес»…

ЖОКТУГУБУЗ БИЛИНБЕС

Түшүнбөдүм эмнеликтен экөөбүз,
Кээ бир кезде жаман, жакшы дешебиз.
Билгин курбум, миң жашаган киши жок,
Бул дүйнөдөн бир өтөрүн өтөбүз.
Калар артта, кадырлашып сыйлашуу,
Калар артта катарлашып бир басуу.
Тирүүлүктө канча болсо сыйлашуу,
Өлгөндө да шончо болор ыйлашуу.
Ажал келер уурулардай сыр айтпай,
Биз кетербиз, бирок калат турак жай.
Турак жайга тутка болот балабыз,
Караңгы үйдү жарык кылган чырактай.
Артыбызда өрнөк калса түңүлбөс…
Балдар менен тирүү жашаар тирүү кез.
Акыл-насаат сөзүбүздү эскерсе,
Анда биздин жоктугубуз билинбес.

Назира СААЛИЕВА

One thought on “ВИДЕО — 4-класстын окуучусу Элдар эстафетаны Гүлжигит Сатыбековго узатты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.