Бул тууралуу Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, бүгүн, Ош облусунун Өзгөн районунда, саат 10:50 чамасында, Бишкек-Ош унаа жолунда «Хонда-Фит» жана «Ваз-2199» (Лада-Самара) машиналары кагышкан. Үч адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандар жолдо өтүп жаткан машиналар менен ооруканага жеткирилген. Каза болгон адамдарды №53-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Эки машина кагышып, үч адам каза болду
![Эки машина кагышып, үч адам каза болду](https://i0.wp.com/alakan.biz/wp-content/uploads/2017/09/Mashina-kagylgan-e1506596060618.jpg?resize=720%2C432&ssl=1)