Түндөтөн бери кыргыз-казак чегараларында автомашиналар үйүлүп, 5-6 сааттан туруп калышууда. Жөө өткөн соодагерлер 7 саат туруп калышкандарын айтып киришти. Ал эми Казакстандын бардык базарларында кыргыздарды тыкыр текшерип, жүдөтүп жатышкандыктарын айтышты. Өлкө башчысынын ойлонбой айткандары минтип мекендештерибизге залакасын тийгизе баштады көрүнөт.
Айбалта ЧЫНОЕВ