Казакстан тарап Атамбаевдин кечээги айткандарына жооп кайтарды

Казакстан тарап Атамбаевдин кечээги айткандарына жооп кайтарды

Кыргызстандын кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президенти Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрдагы билдирүүлөрүнө Казакстан Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев жооп кайтарды.

«Атамбаевдин Казакстанга ыплас асылуулар менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет. Чоң саясатта мындай түрдөгү эмоцияларга орун жок. Кыргызстанды блокадалоо жөнүндө сөз жүргөн жок. ЕАЭБдин нормаларын — талаптарын аткаруу керек. Сүйлөшүүлөрдүн предмети мына ушул»,- деп жазды Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Twitter баракчасына.

Атамбаев 15-ноябрда туруктуу өнүгүү стратегиясын талкуулоо боюнча жыйында кыргыз-казак чек арасындагы абалды “блокада” деп атап, Кыргызстан анын кесепеттерин көтөрө ала турганын айткан. Ошону менен катар Атамбаев ЕАЭБ комиссиясын да кескин сынга алып, «Казакстандын жетекчилигинин жасаганы жана комиссиянын чара көрбөгөнүнөн улам ЕАЭБдин имиджине жана репутациясына орду толгус залака тийүүдө» деп билдирген.

Кыргыз-казак чек арасында жүк тарткан унаалардын тыгыны 10-октябрдан бери байкалууда. Бул көрүнүш Атамбаевдин 15-октябрдагы шайлоо алдында казак бийлиги, президенти Нурсултан Назарбаевдин дарегине айткан сөздөрүн расмий Астана “саясий максатты көздөгөн чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.

3-ноябрда казак премьери Бахытжан Сагинтаев алар өзүнүн эле эмес, Кыргызстан да мүчө Евразия экономикалык союзунун экономикалык кызыкчылыктарын коргоп жатканын белгилеп, чек ара ачылышынын беш шартын атаган. Анын ичинде Кыргызстан мыйзамсыз экспортко, аткезчиликке каршы иш жүргүзүүсү керектигин билдирген.

Атамбаев Казакстандагы кыргыздарды, чек ара маселесин ойлойбу? Качанга чейин эле Казакстанга асыла берет? 8 күн калды. Эртерээк 8 күн өтсө экен…

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Казакстан тарап Атамбаевдин кечээги айткандарына жооп кайтарды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.