Атамбаев УКМК кызматкерлерине сыйлыктарды жана сааттарды тапшырды

Атамбаев УКМК кызматкерлерине сыйлыктарды жана сааттарды тапшырды

Бүгүн, 22-ноябрда, президент Атамбаев кызматтык милдеттерин ак ниет жана үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, КРнын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон салымы үчүн УКМК кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана президенттик энчилүү сааттарды тапшырды.

Мамлекет башчысы УКМК кызматкерлерин сыйлыктары менен куттуктап, кынтыксыз кызматы жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. “Сиздер өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга зор салым коштуңуздар. УКМКнын ыкчам, кадрдык жана аналитикалык мүмкүнчүлүгүнүн аркасында өлкөдө туруктуулукту сактап калууга, Кыргызстанды тышкы жана ички коркунучтардан коргоо ишинде жогорку көрсөткүчтөрдү жаратууга мүмкүн болду”,- деди Атамбаев.

Мына, окурман, УКМКнын кызматкерлерин буга чейин деле жыргатып келген, бүгүн да жыргатты. Атамбаев аларга аябай ыраазы, а эл болсо нааразы.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.