Төлөгөнов Текебаевдин жанына бардыбы?

Төлөгөнов Текебаевдин жанына бардыбы?

Экс-депутат Райкан Төлөгөновдун жаза өтөө ордун аныктоодо ден соолугу боюнча өтүнүчтөр эске алынып, ал Бишкектеги “№ 47 түрмөгө которулду. Текебаев отурган абакка барды.

Ал жерден операция болушу ыктымал. Себеби, Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө арызданып, жогорку инстанцияга кайрылуудан баш тартышканы тууралуу анын адвокаты Сартбай Жайчыбеков билдирген. “Эгер сотко кайрылса, сот созулуп отуруп, Төлөгөновдун ден соолугуна доо кетмек, ага эртерээк операция кылуу керек. № 47 абакка которулса, буйруса болот го”,-деп билдирген адвокат.

Эскерте кетсек

Райкан Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган. Мөөнөтү өтүп кеткени боюнча акыркы статья боюнча жаза колдонулган жок.

65 жаштагы Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийинчерээк денсоолугу начарлап, № 1 тергөө абагына которулган. Ал жердин дарыгерлери да жардам бере албай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аны №47 жатак абакка которуу чечимин чыгарган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.