ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: Түрмөдөн төрт адам качып чыкты!

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: Түрмөдөн төрт адам качып чыкты!

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, абактагылар бүгүн таңкы саат алтыларда Сокулук ИИБнин тергөө абагында камалып турган жерден качып чыгышкан. Учурда Бишкек жана Чүй милициясы “Сирена” планын жарыялап, издөөгө киришти.

Маалым болгондой, качып кеткен адамдарга Кылмыш кодексинин оор беренелери деп эсептелген “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” боюнча айып тагылып, соту болуп жаткан. Учурда алардын кандайча качып кеткени боюнча иликтөө иштери Ал эми облустардагы стационардык посттор күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Милиция качып кеткендердин аты-жөнүн жарыялады. Алар:

1.Базаркулов Рамил Муктарбекович, 1979-жылы туулган. Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Кылмыш кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча шек менен кармалган.

2. Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, 1985-жылы туулган. Түркмөнстандын жараны. Кылмыш кодексинин 168-беренесинин 4-пункту («Каракчылык»), 348-беренесинин 2-бөлүгү («Документ, штамп, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыян келтирүү жана жашыруу»), 174-беренесинин биринчи бөлүгү («Мүлктү атайлап жок кылуу же зыян келтирүү») боюнча шек менен кармалган.

3. Дилдешов Бакыт Чыныбекович, 1979-жылы Талас облусунда туулган. 168-берене («Каракчылык») боюнча шек менен кармалган.

4. Жанботоев Кайрат Байызбекович, 1989-жылы Чүй облусунда туулган. Кылмыш кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча шек менен кармалган.

Абайлагыла, сак болгула, туугандар! Сүрөттөгү адамдарды көрүп калсаңыздар, дароо милицияга кабарлаңыздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.