Альфия САМИГУЛЛИНА: “Нормалдуу бир төрөт үйү жок”

Альфия САМИГУЛЛИНА: “Нормалдуу бир төрөт үйү жок”

Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында депутат Альфия Самигуллина маанилүү маселени көтөрүп чыкты. Ал республика боюнча балдардын төрөлүүсү жыл сайын өсүп жатканы жакшы көрүнүш катары баалады, бирок, нормалдуу төрөт үйү жок экендигин айтты.

“Борбор калаанын өзүндө нормалдуу бир төрөт үйү жок. Заманбап, бардык шарты эске алынган төрөт үйү зарыл. Мындай төрөт үйлөрү Бишкекте эле эмес, республиканын башка шаарларына дагы курулса”,- дейт депутат Самигуллина.

Ал эми депутат Сайдолимжан Жураев бүгүнкү күндө жүрөк тешикчеси менен төрөлгөн балдардын саны күн санап өсүп жатканын айтты. Депутат Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча мындай балдарды аныктап, аларга операция жасоо чыгымдарын эсептеп чыгып, тиешелүү каражатты мамлекет табышы керек экендигин баса белгиледи.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.