Атамбаевге айкел тургузуу сурамжылоосу башталды. А сиздер макулсуздарбы?

Атамбаевге айкел тургузуу сурамжылоосу башталды. А сиздер макулсуздарбы?

TUZ.KG сайты Атамбаевге айкел тургузуу боюнча сурамжылоону 27-ноябрда башташкан. Андан бери төрт күн өттү. Алардын айтымында, Атамбаев 6 жыл иштеп, тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бергендиги үчүн эстелик тургузууга элдин пикирин чогултуп жатышыптыр.

Атамбаевге айкел тургузуу боюнча сиздердин пикир кандай? Экс-президент буга татыктуубу же жокпу? Бирок, биздин макулдук деле эске алынбайт го. Себеби, депутат Сайдулла Нышанов «Атамбаевге «Кыргыз Эл баатырын» берүү керек» деген сунуш киргизди эле, ала ишке ашты го. Демек, бул сурамжылоо деле жөн жерден чыккан жок го дейм…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.