Сахароводо кармалып турган 16 мигрант Кыргызстанга депортацияланды

Сахароводо кармалып турган 16 мигрант Кыргызстанга депортацияланды

Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Сахароводогу чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемеде кармалып турган 44 кыргызстандык мигранттын 16сы Кыргызстанга депортацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын мыйзамын бузду деген кине тагылган жарандарга укуктук жардам көрсөтүлгөн. Калгандары азыр да ошол мекемеде кармалууда.

Буга чейин акыйкатчы Оторбаев чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемедеги мекендештеринин жашоо шарты жана абалы менен таанышкан эле. Бул жайда алгач 76 кыргызстандык кармалып турганы айтылса, кийин алардын саны 44 экени белгилүү болгон.

Расмий адамдар чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 717 миң адам экенин айтып жүрүшөт. Алардын 615 миңи Орусияда экени айтылса, анын жарымы эле Москва шаарында иштейт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.