ТИМ: “Самудинов менен Молдокадырова Калифорнияда, соттун чечимин күтүүдө”

ТИМ: “Самудинов менен Молдокадырова Калифорнияда, соттун чечимин күтүүдө”

Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, учурда Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова Калифорнияда. Жубайлар АКШнын Калифорния штатынын Аделанта шаарында убактылуу кармалуучу жайда соттун чечимин күтүшүүдө. «Алар саясый башпаанек сурашкандыктан АКШнын мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат берилбейт. Алар менен жолугушууга дагы болбой жатат», — дейт ТИМ.

Карамушкина «чыккынчылык» деп “шалп” деген…

Кечээ, парламентте СДПК фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина экөө жөнүндө кызыгып, мындай деген: «Биз алардын Мексика менен АКШнын аймагында кармалганын билебиз. Андан аркы тагдыры белгисиз. Албетте, алардын кадамы чыккынчылыкка барабар. Бирок, алар баары бир биздин жарандар. Андыктан, элчилик кабар алышы керек». Экөөнүн кармалышы боюнча тыкыр иликтөөнү ТИМге сунуштаган. ТИМ бүгүн дароо жооп берди.

Эскерте кетсек

9-ноябрда Ренат Самудинов жубайы Элнура Молдокадырова менен Мексика менен чек арада кармалып, атайын кармалуучу жайга киргизилгени айтылган. Ренат Самудинов КСДПнын жаштар канатынын лидери болгон. Анан анын көз карашы аталган партия менен төп келбей, августта партиядан чыгарылган. Ошондон көп өтпөй анын өмүрлүк жары Элнура Молдокадырова КТРКда иштеген жеринен кеткен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.