Гүлзат МАИЧИНОВА: “Көчөдө маймылдар, үйдө, офисте кескелдириктер жүрөт”

Гүлзат МАИЧИНОВА: “Көчөдө маймылдар, үйдө, офисте кескелдириктер жүрөт”

Гүлзат Маичинова учурда Индиянын Хайдарабад шаарында жашап жатат. Ал жакка атайын Индия мамлекетинин дүйнө боюнча илимпоздорун, окумуштууларын колдогон ICCR мамлекеттик программасы менен барган. Индия мамлекетинде 7-орунда турган Османия университетинде Бизнес жана коммерция колледжинде Менеджмент боюнча докторантурада диссертациясын жактаганга барган. 3 жылдык докторантура (PhD) программасында Кыргызстандан жалгыз Гүлзат Маичинова. Аны учкай тааныштыра кетсек, ал БГУдагы Башкаруу жана социология факультетинин саясат бөлүмүн кызыл диплом менен аяктаган. Кесиби саясат таануучу, бизнес администрациялоо боюнча магистри. Учурда аталган университеттин Эл аралык бөлүмүнүн башчысы, менеджмент жана маалымат системалар кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенет.  Кыргыз, орус, англис, поляк, хинди тилдеринде эркин сүйлөйт.

Гүлзат айым менен Интернет аркылуу байланышып, маегибизди кыш мезгилинен баштадык.

— Гүлзат, ал жактын кышы кандай болот экен? Биздей болуп бороон-чапкын болбосо керек?

— Бул жакта кыш деп эсептелет, бирок, тропикалык климат болгондон кийин, жаан жааса деле ысык боло берет. Ысык дем чыгып турат. 5 мүнөт сайын терге чөмүлүп турасың. Өзгөчө тамак жасаганда… Ошон үчүн спецификалык жыттар кетпейт тура. Эми түшүнүп баштадым. Өздөрү климатка көнүп калышкан. “Кыш мезгили, суук болуп калды” дешип, кечинде жука плед жамынып калышты. Кичине аба өзгөрүп, жаан-чачын бүтүп, шамал болуп калгансыды. Бирок, мен үчүн баары бир ысык. Учурда күндүз 29-32, кечинде 20 градус болууда.

Кескелдирик бар дедиң эле…

— Кескелдириктер күнү-түнү үйдө, офисте деле жүрө берет. Андыктан дос болуп калдык. Башында шок болуп, жүрөгүм түшүп коркуп жүрдүм. Биринчи күнү түнкүсүн ал мени аңдып, мен аны аңдып, уктабай чыккам. Азыр көнүп калдым окшойт. Ал эле эмес көчөдө маймылдар чуркап жүрөт. Коркунучтуу экен. “Жабылып чуркап жүргөн маймылдардан алыс болгула!”,- деп эскертишти. Көрсө, жабылып келип адамды сабайт экен (күлөт).

-Колдоруна банан кармап алып чуркашабы? Бул эми тамаша. Алардын тамак-ашына токтолсоң?

— Биздин койдун же жылкынын чучук, казы-карталарын жесе бул жакта денеге ысык болуп, уктай албай калат экенсиң. Негизи бардык тамактарына калемпир кошуп жешет экен. Кээде балмуздакка да калемпир кошуп коет. Бул калемпир индиядыктардын антисептиги десек болот. Жер жемиштерден: манго, банан, кокос суусу, апельсин, грейпфруттан жасалган суусундук ичем.

—Суусунун даамы кандай?

— Бул жакта суу маселеси кыйын, абдан тартыш. Суунун даамы биздикиндей эмес. Биздики таза, даамдуу да.

-Жашоо-шарты, эли кандай экен?

— Мен жашап жаткан шаарда 10 млн калк. Эл абдан көп. Көбүнчө мотоцикл менен жүрүшөт. Майрам, фестиваль көп, жума сайын болот. Күнү-түн барабандар урулуп, музыка жаңырып турат. Ал эми кийимдери кинодо көргөндөй эле: сари. Улуу аялдан жаштарына чейин кийишет.

Үйлөрү бири-бирине жабыштырылып салынгандыктан кошуналардын жашоо-тиричилигинин баары бири-бирине көрүнүп турат. Булар жөнөкөй эл, хинди, телугу тилдеринде сүйлөшөт. Хинди тилин үйрөндүм. Сабактар англис тилинде. Англис тилинде сүйлөшүп атам. Индияда эң мыкты деп 2017-жылдын атайын рейтинги боюнча 174 университет эсептелет. Алардын ичинде мен окуп жаткан Османия университети Индиялык университеттер арасында көлөмү боюнча 7-орунда турат. Апрель айында Османия университетинин 100 жылдык маарекеси болуп өттү. Бул мамлекеттик деңгээлдеги окуя болгондуктан Индия мамлекетинин президенти салтанатка келип катышты.

-Ал жактын саясаты кандай, саясатка кызыгышабы?

— Албетте кызыгышат. Акыркы Индиянын премьер-министри Моди мырза жана бийликтеги партияны көпчүлүк индиялыктар колдойт. Бул жакта да шайлоолордо чоң дебат болот, талапкерлер арасында кызуу баталиялар (тирешүү) менен өтөт. Касталар (уруу) арасында, трайбалисттик топтор арасында өз ара атаандашуу бар.

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.