“Бомба” чырынан улам Зилалиев кызматтан кетти

“Бомба” чырынан улам Зилалиев кызматтан кетти

Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеп келген. Ал бүгүн чырлуу жагдайдан улам кызматтан кетип, анын ордуна буга чейин орун басары болуп келген Бакыт Мураталиев отуруп, милдетин аткарып калды.

Эмне болгон чырлуу жагдайды эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи күнү жолго «бомба коюлганы» тууралуу маалымат тараган, кийин ал жалган болуп чыккан. Мындай кабардын чыгышына Зилалиев аралашканы айтылып, УКМК аны суракка алган. Зилалиев «бомба» тууралуу кабар бурмаланып кеткенин, өзү ак экенин айткан.

«Таба эмес, тобо!», таасирлүү, майлуу кызматтарда жүрүп келип, акыры чырлуу иш менен кетти. Бирок, бул адам мурда эле кетиш керек болчу. Президенттик шайлоо учурунда «Атамбаевдин жолун улай турган биздин кандидат, ал — Сооронбай Жээнбеков. андыктан өз кудугуңарга түкүрбөгүлө!»,-деп мамлекеттик кызматтагыларды үгүттөгөн эле. Үгүт да эмес, буйрук болуп атпайбы. Ошондо эле кетиш керек болчу, БШК менен премьер-министр С.Исаков эскертүү гана бериш коюшкан. Эми деле болсо кетти. Бирок, чынбы? Бийлик чырлуу иш болгондо элди басыш үчүн аны кызматтан кетиримиш болуп, убакыт өткөн соң кайра эле алып келе беришет го. «Шоопур» ошондойо эле болду. Атүгүл, «Манас» орденин тагынды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.