Алмамбет Шыкмаматовдун бир тууган агасы каза болду

Алмамбет Шыкмаматовдун бир тууган агасы каза болду

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун 58 жаштагы бир тууган агасы Рахатбек Насырканов бүгүн, 27-декабрда инфаркттан каза болду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-декабрда, Нарын облусундагы Жумгал районунун Кызарт айылында өтөт.

Депутат Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичке “Алакан” сайтынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.