Ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салынды

Ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салынды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанга ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салуу сунушун көтөрдү. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук угууга чыгарылды.

Аталган министрликтин адистеринин айтымына караганда, бул демилге улуттук каада-салттарды колдоо, улуттук маданиятты көтөрүү жана баалуулуктарды кеңири жайылтуу максатын көздөйт.

Кыргызстанда сатылып жаткан калпактардын айрымдары Кытайда даярдалганы айтылып келет.

Буга чейин Жогорку Кеңеште бийлик башындагыларды жана спортчуларды чет элге барганда калпак кийүүгө милдеттендирүү демилгеси да көтөрүлгөн. 5-мартта Ак калпак күнү белгиленип келет. Ак калпагыбызды барктап, сактайлы! Кытайдан эмес, өзүбүздөн чыгып, сатылганы туура го.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.