“Алакан” сайтына 4 айда 948 958 окурман кириптир!

“Алакан” сайтына 4 айда 948 958 окурман кириптир!

“Алакан” сайты 2017-жылы сентябрь айынын ортосунда ачылган эле. Сайтыбызга төрт айдын ичинде, жалпысынан 948 958 окурман кириптир! Азыр болсо, 949 081 окурманга жетти. Миллиончу окурманга сюрприз кылсакпы деген тилегибиз бар. Бир күндө 20 000, 25 000 окурман кирип жатканына кубандык. Бир күндө эң эле чокуга жеткенибиз — 32 000 миң болду.

Жаңы жылдын алдында, 2017-жылдын 29-декабрында убактылуу токтотконбуз. Домен алдык. Мурда орусиялык сайттын ичинде болсок, эми alakan.biz деген өз алдынча сайтка айланып олтурабыз. Бир жарым айдын ичинде эч нерсе койбосок дагы сайтыбызга күнүгө 200-300 окурман кирип окуптур. “Качан чыгасыңар?” деп сурагандар да оголе көп болду. Мына, бүгүн, кайрадан Сиздер менен жүз көрүшүп отурабыз. Багытыбыз баягыдай эле: Кыргызстанда жана ааламда болуп жаткан көрүнүштү алаканга салып, аны адилеттик, калыстык менен чагылдыруу жана жарык көргөн материалдарды факты жүзүндө так болушун камсыздоо. Албетте, беш кол тең эмес, тең эмес болсок да, теңдей болуп, бир кол чыккан жеңдей бирге бололу, урматтуу окурман!

Урматым менен, сайттын ээси жана башкы редактору Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.