Эрнис БАЛБАКОВ: “Ак халатчандар интригага бизди аралаштырганы өкүнүчтүү”

Эрнис БАЛБАКОВ: “Ак халатчандар интригага бизди аралаштырганы өкүнүчтүү”

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев «Кыргыз туусу» гезитин сотко бергендиги боюнча, аталган гезиттин башкы редактору Эрнис Балбаковго кайрылдык.

— Эрнис, силердин гезитти министр Батыралиев сотко берди. Сотко барасыңарбы?

— Биздин гезит өкмөттүк басылма. Эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, элдин үнүн бийликке жеткирип келебиз. Биздин гезитке бир катар медициналык мекемелердин жетекчилеринин өз министрине нааразы болгон кайрылуусу өткөн жылдын 1-декабрында чыккан. Ошол кайрылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев биздин гезитти жана 24 врачтын ар бирин сотко бериптир. 24нүн жарымынан көбү сөзүн артка алып атыптыр. Анонимдүү бирөөлөрдүн кайрылуу каты эмес болчу. Ал жерде ак халатчандарыбыздын ич ара интригасы көбүрөөк окшойт. Бизди да ошол оюндарга аралаштырганы өкүнүчтүү болууда.

— Сотко жеткирбей сүйлөшүүгө болгон жокпу?

— Министрлик менен сүйлөшүүлөр болууда. Тагырагы, бул ишти сот аркылуу эмес, тынчтык жолу менен бүтүрүүгө аракет кылуудабыз.

Министр Т.Батыралиевдин билдирүүсүн бул шилтемеде.

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.