“Атамбаев сөз эркиндигине болгон кысымын улантууда…”

“Атамбаев сөз эркиндигине болгон кысымын улантууда…”
Сүрөттө: Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып

Сөз эркиндигин коргоо комитети куугунтукталып жаткан жарандар боюнча билдирүү таратты. Ал төмөндөгүдөй:

“Биз, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөлөрү, журналист Нарын Айыптын иши боюнча бүгүн пайда болгон оң мисалды жактырабыз. 22-февралда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналисттин батирин сатыкка коюу маселеси каралганда, доогер Алмазбек Атамбаевдин өкүлү буга чейин берген ал тууралуу арызын кайтарып алды.

Ошол эле учурда Нарын Айыптан 9 миллион сом өндүрүү боюнча чечимдер дагы эле күчүндө жана экс-президент саясий сахнадан кеткенден кийин дагы өлкөдөгү сөз эркиндиги менен байланышкан абалга болуп көрбөгөндөй кысым кылуусун улантып жатат. «Жалгыз чабалекей жаз алып келбейт» дегендей, медиа жана жарандык коом активдүү аракеттерин мындан ары да улантып, эркиндик жана демократияны карай коомдун өнүгүүсүн жолдон тайбас кылыш керек.

Журналисттин мүлкүн сатыкка коюу талабы токтотулганына карабай, сот бийлиги өзүнүн көз карандысыз экенин али көрсөтө элек. Эгер экс-президенттин өкүлү Нурбек Сыдыков батирди сатууга коюу талабынан кайтпаганда, сот Альбина Жээнбекова бүгүн кандай чечим чыгарат эле белгисиз?! Прокурор Руслан Абдырахман жана сот аткаруучу Бакыт Тумаев бүгүн Сыдыковдун пикирин «толук» колдоду, а бирок анын пикири башка болгондо, алар эмне дейт эле?

Мындан бир апта эле мурда ошол эле прокурорлор менен сот аткаруучулар «Адилет» укук клиникасынын директору Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү үйүн сатыкка коюу боюнча доогер Атамбаевдин талабын ошондой эле «толук» колдогон. Ошентип, Чолпон Жакупова да, Нарын Айып дагы, Дина Маслова жана Таалайгүл Токтакунова менен Канат Азиз дагы, ошондой эле «Заноза» сайтын мурда башкарган «ПроМедиа» коомдук фонду азыр адилетсиз сот чечимдерин аткарууга мажбур.

Ошондуктан, эгер экс-президент Атамбаев тарыхта жана коомдун эсинде уяттуу адам катары калайын десе, аталган маалымат каражаттарына, журналисттерге, адам укуктарын коргоочуларга жана буга чейин соттолгон Дайырбек Орунбековго койгон талаптарынан баш тартуусу керек деп эсептейбиз жана биздин Сөз эркиндигин коргоо комитети ошону талап кылат. Анткени ар бир жетекчи бийликке келгенден тартып, негиздүү коомдук сынга чыдаш керек жана ошонусу менен коомго демократиялык үлгү көрсөтөт”.

Сөз эркиндигин коргоо комитети,
Бишкек, 22-февраль, 2018-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.