Имамдар бирдиктүү форма кийерин билдирди

Имамдар бирдиктүү форма кийерин билдирди

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы былтыр жайында билдиришкен. Анда Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов шаардагы имам хатибдерге жана казыят кызматкерлерине бирдиктүү форма кийүү боюнча тапшырма берген. Мындай кийим менен дин кызматкерлери ар кандай жыйындарда, жакшылыктарда кийген кийими менен башкалардан айырмаланып турушун айтышкан.

“Ушул форманы милдеттүү түрдө кийиши керек!”

«Имамдар эл менен тыгыз иштешет. Ар кандай иш-чараларда эл менен бирге болгондуктан шаар аймагындагы дин кызматкерлер бирдиктүү форма жана селдеси менен Исламдын белгисин көрсөтүп турушу керек. Бул деген күнүмдүк жашоодо да такай ушундай кийим менен жүрүшү керек дегендикке жатпайт. Эл алдына чыкканда, ар кандай жыйындарда ушул формасын милдеттүү түрдө кийиши керек»,-деген эле Бишкек шаарынын казысы.

Бул тапшырма Чүйдөн башталды…

2018-жылдын башында, Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов райондун баш имам хатибдери менен жыйын өткөрүп, анда облус аймагындагы имамдардын бирдиктүү формага өтүүсү боюнча райхатибдерге тапшырма берген. Анын тапшырмасы менен мына бүгүн имамдар бирдиктүү формага өтө баштаганын, Ысык-Ата районунун 47 имамы казыяттын расмий логотиби басылган атайын форма тиктиришкенин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.

А сиздерчи, окурмандар, мындай кийимге макулсуздарбы?  Башына селде кийбей эле, калпак кийсе болбойбу? Кыргыздын кийимин кийсе болбойбу?  Чубак ажыга калпак менен кыргыз кийими сонун эле жарашчу эле го…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.