Аида КАСЫМАЛИЕВА: “Сүйүнчү алууда ата-энелер убара болуп жатышыптыр”

Аида КАСЫМАЛИЕВА: “Сүйүнчү алууда ата-энелер убара болуп жатышыптыр”

СДПК фракциясынын депутаты Аида Касымалиева ата-энеге жөлөк пул берүүдө коррупциялык иштер уланып жаткандыгын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги буга чейин ымыркайларга сүйүнчү боюнча арыздар электрондоштуруларын, төлөө шарты жөнөкөйлөшө тургандыгын айтып мактанышкан эле. Иш жүзүндө эч нерсе жасалган жок. Электрондук форматта иш жүргүзүлгөн жок. Ата-энелер арызды жазуу түрүндө алып барып тапшырып жаткандарын айтып, мага телефон чалып, нааразы болуп жатышат. Алар 4 миң сомду алуу үчүн бир топ жерге кайрылып жатышыптыр. Алардан 500 сом, күбөлүк үчүн 100 сом талап кылып жаткандарын айтышты. Жөлөк пул берүүдө коррупция иштери уланып жатат, муну токтотуу керек»,- дейт депутат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.