«Кызын зордуктады» деп камалган Төлөгөн Султанбековдун апасынан жооп алдык

«Кызын зордуктады» деп камалган Төлөгөн Султанбековдун апасынан жооп алдык

“5 жашар кызын зордуктаган педофил” деп юрист Адилет Калыгулов Төлөгөн Султанбеков жөнүндө Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жазып чыккандан кийин, ал коомчулук тарабынан катуу талкууга алынган. Аны жазып чыккан автор менен алгач маектешкенибизде ал өз чындыгын айтып берген.

“Бул ишке шектүү” деген айып менен камалган Төлөгөн Султанбековдун апасынын телефонун таап, “жолугуп бул боюнча кенен маектешели” десек, жолуга албай турганын, жазган кишини Кудайга койдум” деп кыскача жооп берди. “Жок дегенде эки-үч суроого жооп берип коюңуз” деп атып, мындай жооп алдык.

Тергөө иши жүрүп жатыптыр, катышып жатасыз да. Балаңыздын кызын зордуктап койгону чынбы?

— Ооба, тергөө жүрүп жатат, буйруса, балам акталат. Балам балдарын уруп койгону боюнча суралууда. Эми үй-бүлөдө уруш-талаш болот да. Балдарын уруп койгон экен, ошо боюнча суралып атат. Анан ушундай нерсени орусча айтканда, “из муха слона” кылуунун кереги бар беле? Кыпындай нерсени чоң кылып жазган кишини Кудайга койдум.

Сиз айтып жаткан, жазган киши – Адилет Калыгулов да, балаңыздан атын уксаңыз керек. Бул маселе боюнча ага жолугуп, аны менен бетме бет сүйлөшө алдыңызбы?

Жок, Кудайга гана коюп койдум ал кишини, Кудай жазасын берсин! Ал кишини мен тааныбайм. Ал кишини баламдын тааныганы ырас, анын кол алдында иштечү. Бизнесмен экен. Андан арендага машина алып, такси айдап жатканын балам мага айткан. Ошо боюнча карыз болуп калыптыр. Ошо болбогон карыз үчүн ушинтип жазгандын өзү туурабы? Ал өзү ушундан пайда таптыбы? Биринчи жазып жиберип, өзү да, менин баламды да элге сөз кылдырды. Сөз кылса кыла берсин, караласа каралай берсин. Баарын Кудайга койдум. Менин балам ак. Жок жерден балаң жөнүндө жаман сөз угуу энеге оор. Мен нервденип, нормалдуу иштей албай атам, мындан башка дагы проблема кокодон. Макул, болду, кыскача ушул.

— Акыркы суроо. Балаңыздын өз кызы эмес, өгөй кызы турбайбы, ушул чынбы?

— Ооба, ал чындык. Менин балам өзүнөн улуу, эки баласы бар аялды алганы чын. Анан ошо кичинесинен багып, чоңойткон баласына жаман мамиле жасамак беле? Ошондой жаман жорукка бармак беле? Дагы кайталайм, Кудайга койдум!

Адилет Калыгуловдун маегин бул жерден окуңуздар: https://alakan.biz/2018/02/27/adilet-kalygulov-kyzyn-zorduktagan-t-l-g-n-menen-ajdoochum-taanyshtyrgan/

P.S. Бул ишти тергеп жаткан тергөөчү Элеман Жамгырчиевге чалсак, бошобой жатканын айтты. Ал бошогондо жолугуп, андан да так маалымат алып, сайтка беребиз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.