Дайыр ИСМАДИЯРОВ, ырчы: “Самолеттун мотору күйдүбү, түшүнүксүз. Кудай сактады!”

Дайыр ИСМАДИЯРОВ, ырчы: “Самолеттун мотору күйдүбү, түшүнүксүз. Кудай сактады!”

Бүгүн “Бишкек-Баткен» самолету жарым жолдон артка кайтып, «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Самолеттун ичинде, жүргүнчүлөрдүн арасында ырчы Дайыр Исмадияров болгон. Ал «учактын мотору күйдүбү, түшүнүксүз. Жарым жолдон авариялык абалда кайра Бишкекке келип кондук» деп сүйлөп, жүргүнчүлөрдүн түшүрүлүп жатканын да видеого тартып, «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырган.

Баткенге учкан самолет кайра аба майданына конгонун аэропорттун өкүлү танган эмес, Басма сөз катчысы Алия Курбанова муну  «Азаттыкка» ырастап, буларды айткан: “Учак чындап эле кайра Бишкекке конду. Жүргүнчүлөрдүн баары аман-эсен. Буга эмне себеп болгонун азырынча айта албайбыз. Авиакомпанияда комиссия түзүлүп, себептерин карап жатат. Ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин гана жарыялайбыз”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.