Эшек сойгон кишилер кармалды

Эшек сойгон кишилер кармалды

Жыйырма эшекти союуга аракет кылган кишилер кармалып, үчөө союлуп калганына милиция менен эл күбө болгон. Эшектин айкырганын угуп, айыл тургундары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Бул окуя Өзбекстандын Наманган облусунда Соку айылында, ишкер Адилбай Назаровдун фермасында.болгон.

Адилбайдын фермасынан союлган

Айыл тургандарынин бири: “Биздин айылда эч ким эшек кармабайт. Соку айылынын четиндеги ишкер Адилбайдын фермасынан эшектердин айкырганын уккан эл  тынчсызданып, милицияга телефон чалган. Ал эл менен кошо фермага барып, үч эшектин союлган этин көрүптүр”. Атын атагысы келбеген милиция кызматкери бул маалыматты ырастаган. Ал эми ферманын ээси Адилбай Назаров бул боюнча: “Мен ферманы ижарага бергем. Ал бала эшек сойбой эле, өлгөн малдын терсин сыйырып жүрчү экен. Себебин билбейм. Актангым келбейт, бирок, эшек союу үчүн сураса, фермамды ижарага бербейт элем”, – деген.

Аким да өз көзү менен көргөн

Район акимчилигинин өкүлү териси сыйрылган эшектердин этин өз көзү менен көргөнүн билдирген. ​“Бул балдар мурун дагы эшек союп жүрүшкөн экен. Милиция кызматкерлери союлган эшектин этин алып кетишти, дезинфекциялап туруп көмүшөт», ​– деген жергиликтүү аткаминер.

Эскерте керсек, 2016-жылы Самаркандда эшек бизнеси менен алектенген адамдардын тобу соттолгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.