КООМ: “Шоколад менен желегибизди жейбизби?”

КООМ: “Шоколад менен желегибизди жейбизби?”

Бул жолу социалдык түйүндүн талкуусуна желегибиз түштү. Желектин сүрөтү түшүрүлгөн шоколад чыгып, сатылып жатканына эки айдын жүзү болду. “Шоколад менен кошо желегибизди жейбизби, кантип жейбиз? Чыгарып жаткан компания жоопкерчиликке тартылсын! Желек биздин символ, андыктан бул кемсинтүүгө жатат” деп көпчүлүк кыргыздар нааразы болуп, пикирлерин жазып чыгышты жана жазышууда. Дагы деле кызуу талкууда.

“Желек эмес, түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн”

 Бул шоколадды чыгарып жаткан “Кыргыз Шоколады” компаниясы бул дизайнды мамлекеттик символиканы кемсинтпейт деп эсептейт. “Биз мыйзамды сыйлайбыз. Биздин шоколад бардык тиешелүү жерден текшерүүдөн өткөн. Шоколаддагы сүрөттү жакшылап карасаңар, желек эмес, түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн” деген пикирин журналисттерге билдирген аталган компаниянын өкүлү.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.